# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 18-сентябры № 409 Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 18-сентябры № 409 Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 409
- Кабыл алынган күнү: 18.09.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4652>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2237/edition/1231782/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4652.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 18-сентябры № 409 Жарлыгы (30.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4652

---

КР Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 308 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2007-жылдын 18-сентябры ПЖ № 409 "Кыргыз Республикасында муниципалдык кызматты камсыз кылуунун жана уюштуруунун негизги маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-июнундагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу (КР Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы ПЖ № 145 Жарлыгынын редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасында муниципалдык кызматтын натыйжалуулугун жана туруктуулугун камсыз кылуу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 47-статьясын жетекчиликке алып, ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. "Кыргыз Республикасында муниципалдык кызматты камсыз кылуунун жана уюштуруунун негизги маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-июнундагы № 327 Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- (КР Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы ПЖ № 145 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын администрациялык кызматты ээлеген муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди берүү тартиби жөнүндө жобо" деген № 4 тиркемесинде:

төмөнкүдөй мазмундагы жаңы 9-пункт менен толукталсын: "9. Алгачкы класстык чендер болуп (муниципалдык кызматчы ээлеген муниципалдык кызмат ордуна кирген администрациялык муниципалдык кызмат орундарынын класстык разрядына жараша) төмөнкүлөр саналат:

- муниципалдык кызмат орундарынын кенже категориясы үчүн - Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын 3-класстагы инспектору;

- муниципалдык кызмат орундарынын улук категориясы үчүн - Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси;

- муниципалдык кызмат орундарынын башкы категориясы үчүн - Кыргыз Республикасынын 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси.";

9-17-пункттар тиешелүү түрдө 10-18-пункттар деп эсептелсин. (КР Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы ПЖ № 145 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
