# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 3-ктябрындагы ПЖ № 433 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 19-сентябрындагы "Кыргыз Республикасында референдум (бүткүл элдик добуш берүү) өткөрүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 3-ктябрындагы ПЖ № 433 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 19-сентябрындагы "Кыргыз Республикасында референдум (бүткүл элдик добуш берүү) өткөрүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 433
- Кабыл алынган күнү: 03.10.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4651>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2236/edition/288629/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4651.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 3-ктябрындагы ПЖ № 433 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 19-сентябрындагы "Кыргыз Республикасында референдум (бүткүл элдик добуш берүү) өткөрүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Жарлыгы (24.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4651

---

КР Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 62 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2007-жылдын 3-октябры ПЖ № 433

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын

19-сентябрындагы "Кыргыз Республикасында референдум

(бүткүл элдик добуш берүү) өткөрүү жөнүндө"

Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу

Референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) коюлган документтердин

долбоорлоруна карата жарандардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске

алып жана документтердин мамлекеттик жана расмий тилдердеги тексттерин

шайкеш келтирүү максатында токтом кылам:

I бөлүк. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 19-сен-

тябрындагы № 410 "Кыргыз Республикасында референдум (бүткүл элдик добуш

берүү) өткөрүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. Аталган Жарлыктын мамлекеттик тилдеги текстинде:

- 2- жана 3-пункттарда "Кодекстин", "кодекстин" деген сөздөр "Кыр-

гыз Республикасынын Кодексинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 7-пункттагы "жарыяланган" деген сөз "кол коюлган" деген сөз ме-

нен алмаштырылсын.

2. Аталган Жарлыкка тиркелген "Кыргыз Республикасынын Конституция-

сынын жањы редакциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын дол-

боорунда:

- 1 бөлүктө:

1-берененин 6-пунктунун биринчи абзацындагы "жергиликтүү өзалдынча

башкаруу органдарына өз өкүлдөрүн" деген сөздөр "жергиликтүү кењештер-

дин депутаттарын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

46-берененин 2-пунктунун 3-пунктчасындагы "жергиликтүү соттордун

судьяларын жазык жана сот тартибинде салынган администрациялык жоопкер-

чиликке тартууга макулдук берет; " деген сөздөр алып салынсын;

58-берененин 1-пунктунун 11- жана 12-пунктчаларындагы "аларды сот

тартибинде салынган кылмыш-жазык жана администрациялык жоопкерчиликке

тартууга макулдук берүү;" деген сөздөр алып салынсын;

84-берененин 4-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толук-

талсын:

"Кыргыз Республикасынын бардык сотторунун судьяларын сот тартибин-

де салынган жазык жана администрациялык жоопкерчиликке тартууга сот

адилеттиги иштери боюнча Улуттук кењештин макулдугу менен жол бери-

лет.";

94-берененин 2-пункту алып салынсын, 3-пункт 2-пункт деп эсептел-

син;

95-берененин 3-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда баян-

далсын:

"мыйзамга ылайык жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды киргизет,

ошондой эле мыйзамда каралган учурларда жана тартипте алар боюнча же-

њилдиктерди белгилейт.";

- Мыйзамдын долбоорунун мамлекеттик тилдеги текстинин I бөлүгүндө:

68-берененин 3-пунктунун экинчи абзацындагы "структурасын",

"структурасы" деген сөздөр тийиштүү түрдө "түзүмүн", "түзүмү" деген

сөздөр менен алмаштырылсын;

69-берененин 2-пунктундагы "структурасын", "структурасы" деген

сөздөр тийиштүү түрдө "түзүмүн", "түзүмү" деген сөздөр менен алмашты-

рылсын;

70-берененин бүткүл тексти боюнча "структурасын" деген сөздөр ти-

йиштүү түрдө "түзүмүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

71-беренеде:

5-пункттагы "чейинки алты айда" деген сөздөр "чейин алты ай кал-

ганда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

6-пункттагы "отставкасы" деген сөз "кызматтан кетиши" деген сөз

менен алмаштырылсын;

7-пункттагы "отставкага жиберет" деген сөздөр "кызматтан кетирет"

деген сөздөр менен алмаштырылсын;

8-пункттагы "отставкага" деген сөз "кызматтан" деген сөз менен ал-

маштырылсын;

72-беренеде:

4-пункттагы "ашуунун" деген сөз "ашыгын" деген сөз менен алмашты-

рылсын;

5-пунктта "отставкага" деген сөз "кызматтан" деген сөз менен ал-

маштырылсын;

74-берененин 3-пунктундагы "структурасына" деген сөз "түзүмүнө"

деген сөз менен алмаштырылсын;

83-берененин 5-пунктунда:

биринчи абзацтагы "10" деген сан "он" деген сөз алмаштырылсын;

экинчи абзацтагы "беш жыл" деген сөз "беш жылдык" деген сөздөр ме-

нен алмаштырылсын;

84-беренеде:

1-пункттагы "болгонго чейин" деген сөздөр "болгон учурда"деген

сөздөр менен алмаштырылсын;

3-пункттагы "жарандыгына ээ болгондо" деген сөздөр "жарандыгын ал-

ганда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

4-пункттагы "иши" деген сөз "иштери" деген сөз менен алмаштырыл-

сын;

96-беренеде:

1-пункттагы "ыйгарылып" деген сөз алып салынсын, "өткөрүлүп бери-

лиши" деген сөздөр "өткөрүп берүү менен ыйгарылышы" деген сөздөр менен

алмаштырылсын;

2-пункттагы "органдары" деген сөз "органдарынын" деген сөз менен

алмаштырылсын;

98-беренеде:

2-пункттагы "толуктоолорду" деген сөз "толуктоолор" деген сөз ме-

нен алмаштырылсын;

4-пункттун төртүнчү абзацындагы "эмес" деген сөз алып салынсын;

- Мыйзамдын долбоорунун мамлекеттик тилдеги текстинин II бөлүгүн-

дө:

1-пункттун үчүнчү абзацындагы "Мыйзамда", "Конституция" деген сөз-

дөр тийиштүү түрдө "Мыйзамдар", "Конституцияга" деген сөздөр менен ал-

маштырылсын.

3. Ушул Жарлыкка тиркелген "Кыргыз Республикасындагы шайлоо

жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин жањы редакциясы жөнүндө" Кыр-

гыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун текстинде:

- 11-берененин 5-пунктунун алтынчы абзацындагы "участкалык" деген

сез алып салынсын;

- 46-берененин 4-пунктунун "б)" пунктчасында "олуттуу" деген сөз

алып салынсын.

II бөлүк. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү

боюнча Борбордук комиссиясы:

- референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) коюлган жана документ-

тердин мамлекеттик жана расмий тилдердеги тексттерин шайкеш келтирүү

максатында Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасы-

нын Кодексинин долбоорунун тексти редакциялык жактан такталсын;

- "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жањы редакциясы жөнүн-

дө" жана "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасы-

нын Кодексинин жањы редакциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам-

дарынын редакциялык жактан такталган долбоорлору ушул Жарлыктын жоболо-

рун эске алуу менен "Эркинтоо" газетасына жарыялансын.

III бөлүк. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
