# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-сентябрындагы № 432 "Ар айдагы социалдык жөлөкпулдарга үстөк акыларды белгилөө жөнүндө"Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-сентябрындагы № 432 "Ар айдагы социалдык жөлөкпулдарга үстөк акыларды белгилөө жөнүндө"Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 432
- Кабыл алынган күнү: 27.09.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.11.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4650>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2235/edition/381317/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4650.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.11.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-сентябрындагы № 432 "Ар айдагы социалдык жөлөкпулдарга үстөк акыларды белгилөө жөнүндө"Жарлыгы (13.11.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4650

---

КР Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы ПЖ N 508 Жарлыгына ылайык 2010-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТОТ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2007-жылдын 27-сентябры ПЖ N 432

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

Ар айдагы социалдык жөлөкпулдарга үстөк акыларды белгилөө жөнүндө

Караңыз: КР Президентинин "Ар айдагы социалдык жөлөкпулдарга үстөк акыларды белгилөө жөнүндө" Жарлыгына Түшүндүрмө Ар айдагы социалдык жөлөкпулдарды алуучуларга социалдык жактан кошумча колдоо көрсөтүү максатында токтом кылам:

1. 2007-жылдын 1-октябрынан тартып ар айдагы социалдык жөлөкпулдарга төмөнкүдөй үстөк акылар белгиленсин:

300 сом өлчөмүндө:

- балдардын церебралдык шал болуусунан жапа чеккен майып балдарга;

- ВИЧ-инфекциясы жуккан же СПИД менен ооруган балдарга;

- ВИЧ-инфекциясы жуккан же СПИД менен ооруган энелерден төрөлгөн балдарга;

- бала чагынан I топтогу майыптарга;

200 сом өлчөмүндө:

- майып балдарга;

- бала чагынан II топтогу майыптарга;

- пенсия менен камсыз болууга укугу жок болсо, жалпы оорудан I топтогу майыптарга;

- пенсия менен камсыз болууга укугу жок болсо, баатыр энелерге;

- пенсия менен камсыз болууга укугу жок болсо, тоголок жетимдерге;

100 сом өлчөмүндө:

- бала чагынан III топтогу майыптарга;

- пенсия менен камсыз болууга укугу жок болсо, жалпы оорудан II топтогу майыптарга;

- пенсия менен камсыз болууга укугу жок болсо, жалпы оорудан III топтогу майыптарга;

- пенсия менен камсыз болууга укугу жок болсо, кары-картаң жарандарга;

- пенсия менен камсыз болууга укугу жок болсо, баккан адамынан ажыраган учурда, балдарга.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- ар айдагы социалдык жөлөкпулдардын өлчөмүн жогорулатууга зарыл каражаттарды белгиленген тартипте тапсын;

- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
