# Указ Президента КР от 30 августа 2007 года УП № 390 "О защите и поддержке детей"

- Актынын түрү: Указ
- Номери: 390
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.12.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4648>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2233/edition/288625/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4648.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.12.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Указ Президента КР от 30 августа 2007 года УП № 390 "О защите и поддержке детей" (03.12.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4648

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 30-августу ПЖ N 390

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

Балдарды коргоо жана колдоо жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын

3-декабрындагы ПЖ № 528 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

Балдардын өнүгүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, балалыкка,

үйбүлөлүк чөйрөгө, сапаттуу медициналык тейлөөгө, жеткиликтүү билимге,

тењдештикке жана өздөрүнүн укуктарын коргоого ар бир баланын укуктарын

камсыз кылуу максатында токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү мамлекеттик адми-

нистрациялар, шаарлардын мэрлери өз ишинде балдардын укуктарын жана та-

ламдарын коргоону артыкчылыктуу багыт деп эсептесин жана балдардын

өнүгүшү үчүн социалдык-экономикалык шарттарды түзүү менен байланышкан

иш-чараларды биринчи кезекте жүзөгө ашырсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана

спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агент-

тик балдардын укуктарын жана таламдарын коргоо чөйрөсүндө координация-

лоочу орган болуп аныкталсын.

3. Бардык типтеги жана аталыштагы балдар үйлөрүнүн, жатак мектеп-

тердин кызматкерлерине, ошондой эле жашы жете электер үчүн кабыл

алып-бөлүштүргүчтөрдүн жана тарбиялоо-эмгек колонияларынын, тарбия-

лоо-эмгек мекемелеринин алдындагы мектептердин жана кесиптик-техникалык

окуу жайларынын кызматкерлерине өзгөчө эмгек шарттары үчүн белгиленген

үстөк акылар 2008-жылдын 1-январынан тартып 10%ке жогорулатылсын.

4. 2002-2008-жылдардын ичинде чекене баалардын өзгөрүшүн эске алуу

менен социалдык-маданий мекемелерде тамактануунун акчалай ченемдери

2008-жылдын 1-январынан тартып жогорулатылсын.

(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 3-декабрындагы

ПЖ № 528 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- Балдар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин (мындан ары -

Кодекс) жоболорун турмушка ашыруу механизмин жана орточо мөөнөттүү жана

узак мөөнөттүү келечекте Кодексти турмушка ашыруу боюнча чаралардын

комплексин үч айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана аны аткарууну камсыз

кылсын;

- тиешелүү райондордо райондук администрациялардын алдында; район-

дук бөлүнүшү болбогон тиешелүү шаарларда жергиликтүү өзалдынча башкару-

унун аткаруучу-тескөөчү органдарынын (мэриялар, шаардык башкаруулар)

алдында; райондук бөлүнүшү болгон тиешелүү шаарларда жергиликтүү өзал-

дынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдарынын алдында балдардын иш-

тери боюнча комиссияларды жана үйбүлө менен балдарды коргоо бөлүмдөрүн

түзсүн; зарыл каражаттарды тапсын жана аталган комиссиялардын жана

бөлүмдөрдүн иштешин камсыз кылсын;

- Ош облусунун Карасуу районунда жана Чүй облусунун Сокулук райо-

нунда кароосуз жана селсаяк балдар, зомбулукка дуушарланган жана

ата-эненин камкордугунан ажыраган балдар үчүн социалдык жатыктыруунун

пилоттук борборлорун түзсүн, зарыл каражаттарды тапсын жана бул борбор-

лордун иштешин камсыз кылсын;

- балдардын укуктарын жана таламдарын коргоо жагынан маалымат-

тык-түшүндүрүү ишин пландуу негизде дайыма жүргүзсүн;

- Балдардын эмгегинин эњ начар формаларын жоюу боюнча социалдык

өнөктөрдүн аракеттеринин мамлекеттик программасынын жана Кыргыз Респуб-

ликасында балдардын укуктарын алга илгерилетүү боюнча Коммуникациялык

медиялык стратегиянын киргизилген долбоорлорун эки айлык мөөнөттө жет-

кире иштеп чыксын жана бекитсин;

- оор турмуштук абалда калган баланы жайгаштыруунун альтернативдүү

формалары боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын жана бекитсин;

- Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Педи-

атрия жана балдар хирургиясы улуттук борборунун жана Улуттук госпиталы-

нын клиникалык төрөт үйүнүн базасында Кыргыз Республикасынын Саламат-

тыкты сактоо министрлигине караштуу Энени жана баланы коргоо улуттук

борборун түзсүн, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрли-

гине караштуу Энени жана баланы коргоо улуттук борбору жөнүндө жобону

иштеп чыксын жана бекитсин;

- педиатриялык жана гинекологиялык кызматтарды жакшыртуу жана рес-

публиканын айыл жеринде жана алыскы райондорунда иштөө үчүн бюджеттик

негизде адистерди максаттуу даярдоо боюнча чараларды көрсүн;

- республиканын региондорунда балдар арасында ооруга чалдыгууну

табуу жана анын алдын алуу боюнча, ошондой эле оорулуу балдарды сапат-

туу дарылоо жана реабилитациялоо боюнча конкреттүү чараларды көрсүн;

- жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өзалдынча

башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу

боюнча мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратура-

сы, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен бир-

дикте мектепке чейинки билим берүү мекемелери сатылып кетишинин себеп-

терин аныктоо, кайра профилдеширүү максатында аларды түгөлдөсүн, андан

соњ Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген тие-

шелүү чараларды көрсүн;

- атайын муктаждыктары бар балдарды мектепке чейинки, мектепте би-

лим берүүгө максималдуу камтууну камсыз кылсын;

- кенже курактагы балдарды багуунун жана мектепке чейинки билим

берүүнүн альтернативдүү формаларын уюштуруу аркылуу аларды окутуунун

системасын бекемдесин;

- кароосуз, селсаяк, ата-эненин камкордугунан ажыраган балдарды

табуу боюнча рейддерди бир айдын ичинде жүргүзсүн жана аларды үйбүлөгө

кайтаруу, жатак тибиндеги мекемелерге жайгаштыруу, камкордукка алуу

(көзөмөлдүк кылуу) боюнча маселелерди белгиленген тартипте чечсин;

- ювеналдык юстиция жагынан Балдар жөнүндө Кыргыз Республикасынын

кодексинин жоболорун турмушка ашырууга багытталган ченемдик укуктук ак-

тыларды иштеп чыгуу жана бекитүү процессин тездетсин;

- жашы жете электер арасында укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун

алдын алуу боюнча ички иштер органдарынын ишин күчөтсүн;

- мыйзам менен келишпеген балдарды реабилитациялоо боюнча програм-

маны үч айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана бекитсин;

- балдарды күтүү жана багуу, билим берүү кызматтарын көрсөтүү жана

мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражаттарды максаттуу пайдалануу масе-

лелеринде бардык типтердеги жана аталыштардагы балдар үйлөрүнүн, жатак

мектептердин ишин комплекстүү текшерүүнү жүргүзсүн;

- балдар боюнча дайыма жањыланып турган маалымат банкын түзсүн;

- балдарды коргоо жана колдоо маселелеринде мамлекеттик органдар-

дын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, шаарлардын мэриялары-

нын жана айыл өкмөттөрүнүн ишине баа берүүнүн методологиясын бир айлык

мөөнөттө иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кароо-

суна киргизсин;

- ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу жана финансылык маселелерди

чечсин;

- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

6. "Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине ка-

раштуу педиатрия жана балдар хирургиясы Улуттук борборун түзүү жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 17-апрелиндеги № 140

Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.

7. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-

публикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн.

8. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
