# "2007-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө" 2007-жылдын 12-сентябрындагы №402 Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы

- Толук аталышы: "2007-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө" 2007-жылдын 12-сентябрындагы №402 Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 402
- Кабыл алынган күнү: 12.09.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.10.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4641>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2226/edition/288616/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4641.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.10.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "2007-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө" 2007-жылдын 12-сентябрындагы №402 Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы (19.10.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4641

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 12-сентябры ПЖ № 402

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2007-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын

өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө

Республиканын пенсионерлеринин турмуш дењгээлин колдоо максатында

токтом кылам:

1. "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалган пенсиялардын базалык

бөлүгү 2007-жылдын 1-октябрынан тартып 400 сом өлчөмүндө белгиленсин.

2. "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына ылайык 2007-жылдын 1-октябрына чейин дайын-

далган пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн суммасы 2007-жылдын

1-октябрынан тартып 10 процентке жогорулатылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин "Электр энергиясына тариф-

тер жогорулагандыгына байланыштуу пенсионерлерге компенсациялык

төлөмдөр жөнүндө" 2002-жылдын 5-майындагы № 105, "Калк үчүн электр ку-

батына бирдиктүү тарифти киргизүү шартында калктын аялуу катмарын соци-

алдык жактан колдоонун кошумча чаралары жөнүндө" 2006-жылдын 28-апре-

линдеги № 192 жарлыктарына ылайык белгиленген компенсациялык

төлөмдөрдүн өлчөмдөрү ушул Жарлыктан келип чыккан пенсиялардын

өлчөмдөрүн кайра эсептөөгө байланыштуу өзгөртүлбөйт.

4. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду белгиленген тартипте

пенсияларды өз учурунда кайра эсептөөнү жана аларды жањы өлчөмдөрдө

төлөөнү камсыз кылсын.

5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
