# 6-статья

- Документ: [Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/464)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 26-июнундагы № 57 "Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 26.06.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.04.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/464/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-445/edition/359374/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/464/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.04.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары жөнүндө, 6-статья (17.04.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/464/st-6

---

Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары менен иштөөдөгү коопсуздук:

- калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары менен иштөө жаатындагы коопсуздукту жөнгө салуучу ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын дагы башка мыйзамдары менен ченемдик укуктук актыларында жана документтеринде белгиленген талаптарды аткаруу;

- иштетүүчү жана адистешкен уюмдардын финансылык жана материалдык -техникалык жактан камсыз кылуусу;

- иштетүүчү жана адистешкен уюмдардын жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги менен ишке ашырылат.

Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары менен иштөөдөгү коопсуздук төмөнкүлөр аркылуу камсыз кылынат:

- радиоактивдүү жана уулуу калдыктар менен иштөөнүн бардык этаптарында айлана-чөйрөнүн ченемдик документтеринде белгиленген деңгээлдерден жана концентрациялардан ашыкча булгануусун болтурбоо;

- калдык сактоочу жайларды жана кен калдыктарын физикалык коргоо;

- калдыктар менен иштөөнүн ченемге салынган тартибин белгилөө;

- тийиштүү уруксаты бар мекемелердин радиоактивдүү жана уулуу калдыктарды Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук акшларына ылайык ташууну ишке ашыруусу;

- иштетүүчү мекемелерде калдыктардын санкциясыз жана көзөмөлсүз топтолушуна жол бербөө;

- калдык сактоочу жайларды жана кен калдыктарын адамдар жашаган жерден милдеттүү түрдө бөлүүнү камсыз кылуу;

- калдыктарды калдык сактоочу жайлардын жана кен калдыктарынын пайда болушуна алып келүүчү иштердин бардык түрүнүн сөзсүз болуучу акыркы этабы катары ишенимдүү сактоо жана көмүү;

- иштетүүчү жана адистешкен мекемелерде калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары менен иштөө үчүн техникалык мүмкүнчүлүктөрү болбосо, аларды ишке киргизүүгө тыюу салуу;

- радиоактивдүү жана уулуу заттар болгон калдыктардын ар кандай түрлөрүн табигый жана жасалма көлмөлөргө, жер астындагы суу тилкелерине кошууга, анын ичинде зыяндуу заттардын сакталышы ченемдик документацияларда белгиленген деңгээдден ашып кеткен жайларга, жабдууларга жана материалдарга куюуга тыюу салуу;

- жогорку активдүү радиоактивдүү калдыктарды терең геологиялык формацияларга катуу, оңой менен эрибей турган, жарылуу, күйүү, ядролук жагынан коопсуз түргө келтиргенден кийин гана көмүү;

- орто активдүү жана жогорку активдүү радиоактивдүү калдыктарды суюк түрдө көмүүгө тыюу салуу.

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/464/st-5)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/464/st-7)
