# 5-статья

- Документ: [Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/464)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 26-июнундагы № 57 "Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 26.06.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.04.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/464/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-445/edition/359374/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/464/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.04.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары жөнүндө, 5-статья (17.04.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/464/st-5

---

Кен иштетүү өндүрүшүнүн калдыктарына (мындан ары - калдыктар) кен иштетүү өндүрүшүнүн бүткүл комплексинин калдыктары кирет: кийин пайдалануута болбой турган радиоактивдүү калдыктар:

а) радионуклиддердин болушу ченемдик документтерде белгиленгенден көбүрөөк болгон ар кандай агрегаттык бардык заттар, материалдар, буюмдар, жабдуулар;

б) жер астынан казып алынып, кен калдыктарына, калдык сактоочу жайларга салынуучу кондициясы жок рудалар, рудаларды иргегенден жана эриткенден кийинки радионуклиддердин болушу ченемдик документтерде белгиленген деңгээлден көбүрөөк болгон калдыктар.

Кен иштетүү өндүрүшүнүн уулуу калдыктары - оор металддардын туздары бар калдыктар (кадмий, коргошун, цинк, хром ж.б.), ошондой эле башка уулуу заттар (цианиддер, кислоталар, силикаттар, нитраттар, сульфаттар ж.б.).

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/464/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/464/st-6)
