# 4-статья

- Документ: [Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/464)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 26-июнундагы № 57 "Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 26.06.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.04.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/464/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-445/edition/359374/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/464/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.04.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары жөнүндө, 4-статья (17.04.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/464/st-4

---

Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары менен иштөө жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптери;

- калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары менен иштөөдө адамдын өмүрүн жана ден соолугун, айлана-чөйрөнү зыяндуу таасирден сактоонун артыкчылыктуулуту;

- иштин жүрүшүндө пайда болуучу калдык сакталуучу жайлар жана кен калдыктары менен иштегенде ушул Мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актыларын бузгандыгы үчүн мамлекеттин, жеке жана юридикалык жактардын менчигинин түрүнө карабай жоопкерчилиги;

- калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары менен иштөөдө адамдын ден соолугуна жана (же) мүлкүнө, ошондой эле айлана-чөйрөгө келтирилген зыянды төлөп берүү;

- жарандардын жана коомдук уюмдардын калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары менен иштөөдө коопсуздукту камсыз кылуу маселелерин чечүүгө катышуусу;

- калдык сактоочу жайлар жана кен каддыктары менен иштөө жаатында чет өлкөлүк тажрыйбаны пайдалануу;

- калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары менен иштөө жаатындагы мамлекеттик концепцияларды жана программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/464/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/464/st-5)
