# 22-статья

- Документ: [Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/464)
- Документтеги орду: VI бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 26-июнундагы № 57 "Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 26.06.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.04.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/464/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-445/edition/359374/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/464/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.04.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары жөнүндө, 22-статья (17.04.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/464/st-22

---

Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары менен иштөө жаатында коопсуздукту камсыз кылуу боюнча талаптардын аткарылбашына же бузулушуна күнөөлүү болгон жеке жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат. Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары менен иштөө жаатында, айлана-чөйрөнү булгоонун, болбосо ушул Мыйзам менен санкцияланбаган башка аракеттердин натыйжасында жарандардын ден соолугуна жана (же) мүлкүнө, ошондой эле башка юридикалык жактардын мүлкүнө келтирилген зыянды уюмдар төлөп беришет. Зыянды төлөп берүү тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленет. Ченемдик документтердин талаптарын бузуунун кесепетинен айлана-чөйрөнүн радиоактивдүү жана уулуу заттар менен булганышын буга жол берген уюмдар тазалашат.

---

Мурунку берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/464/st-21)  
Кийинки берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/464/st-23)
