# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 1-августундагы № 361 "Жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды, жергиликтүү бкюджеттерге толугу менен келип түшүүчү жалпы мамлекеттик салыктарды башкаруу функцияларын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 1-августундагы № 361 "Жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды, жергиликтүү бкюджеттерге толугу менен келип түшүүчү жалпы мамлекеттик салыктарды башкаруу функцияларын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 361
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4639>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2224/edition/288613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4639.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 1-августундагы № 361 "Жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды, жергиликтүү бкюджеттерге толугу менен келип түшүүчү жалпы мамлекеттик салыктарды башкаруу функцияларын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө" Жарлыгы (24.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4639

---

КР Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 62 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2007-жылдын 1-августу ПЖ № 361

Жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды, жергиликтүү

бюджеттерге толугу менен келип түшүүчү жалпы мамлекеттик

салыктарды башкаруу функцияларын жергиликтүү өзалдынча

башкаруу органдарына өткөрүп берүү боюнча

пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө

(КР Президентинин 2008-жылдын 23-майындагы №172 указына ылайык)

Финансылык децентралдаштыруу принциптерин андан ары илгерилетүү,

бул чөйрөдө аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча баш-

каруу органдарынын натыйжалуу биргелешкен ишин уюштуруу максатында,

ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана 96-стать-

яларына, Кыргаз Республикасынын Салык кодексинин 34-главасына ылайык

токтом кылам:

1. Жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды, жергиликтүү бюджеттерге

толугу менен келип түшүүчү жалпы мамлекеттик салыктарды башкаруу функ-

цияларын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү боюн-

ча пилоттук долбоорду 2007-жылдын 1-августунан 2008-жылдын 31-декабрына

чейин жүргүзүү жагынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушу колдоого

алынсын жана жактырылсын.

(КР Президентинин 2008-жылдын 23-майындагы №172 указына ылайык)

2. Жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды, жергиликтүү бюджеттерге

толугу менен келип түшүүчү жалпы мамлекеттик салыктарды башкаруу функ-

цияларын өткөрүп берүү боюнча долбоорго катышуучу жергиликтүү езалдынча

башкаруу органдарынын тиркелген тизмеси бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекет-

тик комитети жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды, жергиликтүү бюд-

жеттерге толугу менен келип түшүүчү жалпы мамлекеттик салыктарды башка-

руу боюнча функцияларды жана ыйгарым укуктарды пилоттук долбоорго каты-

шуучу жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына өткөрүп берсин.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасы-

нын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети жана Кыргыз Рес-

публикасынын Жергиликтүү өзалдынча башкаруу иштери боюнча улуттук аген-

ттиги менен бирдикте:

- жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарында пилоттук долбоорду

жүргүзүүнүн жүрүшүн координацияласын жана Кыргыз Республикасынын салык

мыйзамдары сакталышына контролдук кылсын;

- жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды, жергиликтүү бюджеттерге

толугу менен келип түшүүчү жалпы мамлекеттик салыктарды жергиликтүү

өзалдынча башкаруу органдары башкарышынын функцияларын өткөрүп берүү

жана андан ары өздөштүрүү механизмдерин иштеп чыксын жана бекитсин;

- пилоттук долбоорду жүргүзүү мезгилинде жергиликтүү өзалдынча

башкаруунун пилоттук органдары салыктык башкарууну жүзөгө ашырышынын

тартиби жөнүндө Жобону иштеп чыксын жана бекитсин.

5. Пилоттук долбоорго катышкан жергиликтүү өзалдынча башкаруу ор-

гандарына 2007-жылдын 1-августунан 2008-жылдын 31-декабрына чейин жергилик-

түү салыктарды жана жыйымдарды, жергиликтүү бюджеттерге толугу менен

келип түшүүчү жалпы мамлекеттик салыктарды өз алдынча башкаруу укугу

берилсин, мында төмөнкүдөй ыйгарым укуктар өткөрүп берилет:

- салык төлөөчүлөрдүн эсебин жүргүзүү боюнча;

- тиешелүү жергиликтүү бюджетке каражаттар келип түшүшүн эсепке

алууну жүргүзүү боюнча;

- рейддик текшерүүлөрдү жана хронометраждык иликтөөлөрдү жүргүзүү

боюнча;

- жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды, жергиликтүү бюджеььерге

толугу менен келип түшүүчү жалпы мамлекеттик салыктарды эсептөө жана

төлөө боюнча документтерди салык төлөөчүлөрдөн талап кылуу жана алуу;

- жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды, жергиликтүү бюджеттерге

толугу менен келип түшүүчү жалпы мамлекеттик салыктарды чогултуу;

- салык мыйзамдарын бузгандыгы үчүн санкцияларды салуу жана колдо-

нуу.

(КР Президентинин 2008-жылдын 23-майындагы №172 указына ылайык)

6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине бюджеттик турук-

суздук тобокелдиги жана терс натыйжалар табылган учурда жергиликтүү

өзалдынча башкаруу органдарында пилоттук долбоорду жүргүзүүнү убактылуу

токтотууга укук берилсин.

7. Жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын башчыларына пилот-

тук долбоорду жүргүзүүнүн алкагында жана белгиленген штаттык сандын

чектеринде салык инспекторлорунун штаттык санын өз алдынча аныктоого,

эмгек акы фондунун чектеринде эмгек акыны белгилөөгө укук берилсин.

Штаттык сан кыскарган учурда үнөмдөлгөн каражаттар салык инспекторлору-

на сыйлык акы берүүгө жана алардын эмгек акысын жогорулатууга жумшал-

сын.

8. Ушул Жарлык менен бекитилген тизмеде көрсөтүлгөн жергиликтүү

мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу ор-

гандарынын башчылары пилоттук долбоордун катышуучуларына көмөк көрсөт-

сүн.

9. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев

Кыргыз Республикасынын Президентинин

2007-жылдын 1-августундагы

№ 361 Жарлыгы менен

бекитилген

Салыктарды башкаруу функцияларын өткөрүп

берүү боюнча жергиликтүү өзалдынча башкаруунун

пилоттук органдарынын

ТИЗМЕСИ

| Облус | Район, шаар | Жергиликтүү |
| --- | --- | --- |
|  |  | өзалдынча башкаруу |
|  |  | органы |
| Нарын | Кочкор | Кочкор айыл өкмөтү |
| Чүй | Аламүдүн | Төмөнкү Аларча айыл |
|  |  | өкмөтү |
|  | Ысыката | Узункыр айыл өкмөтү |
|  | Жайыл | Карабалта шаарынын |
|  |  | шаар башкаруусу |
| Баткен | Лейлек | Жањыжер айыл өкмөтү |
|  | Кызылкыя шаары | Кызылкыя шаарынын |
|  |  | мэриясы |
| Ысыккөл | Ысыккөл | Караой айыл өкмөтү |
|  | Ысыккөл | Чолпоната шаарынын |
|  |  | шаар башкаруусу |
| Ош | Өзгөн | Саламалик айыл өкмөтү |
| Жалалабат | Базаркоргон | Базаркоргон айыл өкмөтү |
