Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү консулдук мекемеси жөнүндө» ЖОБО
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2007-жылдын 31-июлундагы
№ 357 Жарлыгы менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү
консулдук мекемеси жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү консулдук мекемеси (мындан
ары - консулдук мекеме) консулдук функцияларды ишке ашырган Кыргыз Рес-
публикасынын мамлекеттик органы болуп саналат.
Консулдук функциялар ошондой эле Кыргыз Республикасынын чет
өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү тарабынан аткарылат.
Бул Жобонун ченемдери Кыргыз Республикасынын бардык консулдук ме-
кемелери менен дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн консулдук функцияларды
аткарган консулдук кызмат адамдарына карата таратылат.
Консулдук функцияларды аткарган адамдар алардын класстарына, ранг-
дарына жана мамлекеттик чиндерине карабастан, Кыргыз Республикасынын
консулдук кызмат адамдары болуп саналат.
Консулдук кызмат адамдары жана консулдук мекемелердин кызматкерле-
ри Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде (мындан ары - ТИМ)
мамлекеттик кызматта турушат.
Кыргыз Республикасынын жарандары гана консулдук кызмат адамдары
болушу мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын консулдук мекемесинин структурасы жана
штаттык саны ТИМдин көрсөтмөсү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү та-
рабынан бекитилет.
Консулдук мекемелер Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрли-
гине баш ийет жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органда-
рынын системасына кирет.
2. Консулдук мекемелер өз ишмердүүлүгүндө Консулдук мамилелер жө-
нүндө 1963-жылкы Вена конвенциясын, Кыргыз Республикасынын эл аралык
келишимдерин, Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республика-
сынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн
актыларын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин токтомдорун, ТИМдин
буйруктарын, инструкцияларын жана тапшырмаларын, эл аралык салттарды,
ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алышат.
Иш жүргүзүү, эсепке алуу жана отчеттуулук, анын ичинде консулдук
мекемелердин финансылык-чарбалык иш жүргүзүү маселелери ТИМдин буйрук-
тарына жана инструкцияларына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын
мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
3. Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелери болуп төмөнкүлөр
саналат:
- башкы консулдук;
- консулдук;
- вице-консулдук;
- консулдук агенттик;
- Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн консулдук
бөлүмдөрү.
4. Кыргыз Республикасы менен чет өлкөлөрдөгү консулдук мекемелер
жайгашкан мамлекеттердин ортосундагы эл аралык келишимдерде каралган
учурда алар бул Жободо белгиленбеген башка аталыштарга ээ болуп, ал ке-
лишимдер тарабынан аныкталган функцияларды аткарышы мүмкүн.
5. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн консулдук
бөлүмдөрүн консулдар деп аталуучу консулдук бөлүм башчылары жетектейт.
6. Консулдук мекемелердин ишкердигин жалпы жетектөөнү, консулдук
кызмат адамдары менен консулдук мекемелердин кызматкерлеринин ортосун-
дагы функционалдык милдеттерди бөлүштүрүүнү ТИМдин Консулдук кызмат де-
партаменти ишке ашырат.
Консулдук мекемелерди саясий жетектөөнү консулдук мекемелер жай-
гашкан мамлекеттердин аймактарында аккредиттелген Кыргыз Республикасы-
нын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчылары ишке ашырат, ал эми алар
жок болгон учурда консулдук мекемелерди саясий жактан ТИМ жетектейт.
7. Чет өлкөдөгү консулдук мекемелер өз ишкердиктерин келген мамле-
кеттин тышкы саясий ведомствосу менен макулдашуу боюнча ТИМ аныктаган
консулдук округдун чегинде ишке ашырат.
Консулдук мекеменин жайгашкан жери, анын классы жана консулдук ок-
ругу келген мамлекет менен макулдашуу боюнча аныкталат.
8. Консулдук мекеме Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин
сүрөтү коюлган жана кыргыз жана англис тилдериндеги консулдук мекеменин
аталышы жазылган мөөргө ээ болот.
Консулдук мекеменин имаратында же анын аймагында Кыргыз Республи-
касынын Мамлекеттик желеги көтөрүлөт, Кыргыз Республикасынын Мамлекет-
тик гербинин сүрөтү коюлган жана кыргыз жана келген мамлекеттин мамле-
кеттик тилдериндеги тиешелүү аталышы бар калкан орнотулат Кыргыз Рес-
публикасынын мамлекеттик символикасы келген мамлекеттин протоколдук
практикасын эске алуу менен пайдаланылат.
9. Консулдук мекеме, консулдук кызмат адамдары жана алардын
үй-бүлө мүчөлөрү келген мамлекеттеринде эл аралык укуктун ченемдерине,
Консулдук мамилелер жөнүндө 1963-жылкы Вена конвенциясына жана келген
мамлекеттин мыйзамдарына ылайык артыкчылыктардан жана иммунитеттерден
пайдаланышат.
Консулдук мекемелердин консулдук кызмат адамдары жана алардын
үй-бүлө мүчөлөрү келген мамлекеттин мыйзамдарын, каада-салттарын жана
үрп-адаттарын урматтоого милдеттүү.
Консулдук мекеменин персоналы кызматтык милдеттери боюнча консул-
дук кызмат адамдары, ошондой эле администрациялык-техникалык иштерди
аткарган консулдук кызматкерлер болуп бөлүнүшөт.
II. Чет өлкөлөрдөгү консулдук мекемелердин негизги
милдеттери жана функциялары
10. Консулдук мекемелердин негизги милдеттери төмөнкүлөр:
- Кыргыз Республикасынын келген мамлекеттеги жарандарынын жана
юридикалык жактарынын укуктарын жана таламдарын коргоо;
- Кыргыз Республикасынын соода-экономикалык байланыштарын ишке
ашырууга көмөктөшүү;
- келген мамлекеттин эл аралык абалы жана мыйзамдары тууралуу маа-
лыматтарды чогултуу, иштетүү, анализдөө жана системалаштыруу;
- Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Кыргыз Республикасынын
дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана
Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык башка
милдеттерди ишке ашыруу.
11. Консулдук мекемелер аларга жүктөлгөн милдеттерге ылайык
төмөнкү функцияларды аткарышат.
- эл аралык укук мүмкүнчүлүк берген чектерде келген мамлекетте
Кыргыз Республикасынын, анын жарандарынын жана юридикалык жактарынын
таламдарын коргоо;
- Кыргыз Республикасы менен келген мамлекеттин ортосундагы соода,
экономикалык, маданий жана илимий байланыштарды, ошондой эле алардын
ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине келген мамле-
кеттин соода, экономикалык, маданий жана илимий жашоосундагы окуялар
жөнүндө билдирүү;
- Кыргыз Республикасынын жарандарына паспортторду жана жолдо жүрүү
документтерин, Кыргыз Республикасына келгиси келген адамдарга визаларды
же тиешелүү документтерди берүү;
- Кыргыз Республикасынын жарандарын каттоо жана эсепке алуу, Кыр-
гыз Республикасынын юридикалык жактарына жана жеке адамдарына жардам
берүү жана көмөк көрсөтүү, алардын бузулган укуктарын калыбына келтирүү
боюнча чараларды көрүү;
- Кыргыз Республикасынын жарандык маселелери боюнча арыздарды,
ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке жана мүлктүк укук-
тарына тиешелүү болгон бардык башка арыздарды кабыл алуу жана кароо;
- келген мамлекеттин мыйзамдарына жана эрежелерине каршы келбеген
шарттарда нотариаттын функцияларын аткаруу, жарандык абалы тууралуу ак-
тыларды каттоо, документтерди мыйзамдаштыруу, ошондой эле администра-
тивдик мүнөздөгү айрым-бир башка функцияларды аткаруу;
- келген мамлекеттин мыйзамдары жана эрежелери тарабынан белгилен-
ген чектерде Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналган жана толук
ишке жөндөмдүү болбогон бойго жете элек жарандардын жана башка адамдар-
дын таламдарын, өзгөчө мындай адамдардын үстүнөн көзөмөл жана камкордук
орнотуу зарыл болгон учурда коргоо;
- келген мамлекетте кабыл алынган практиканы жана тартипти сактоо,
эгерде Кыргыз Республикасынын жарандары келген мамлекеттин аймагында
жок болгондугуна байланыштуу же башка себептердин натыйжасында
өздөрүнүн укуктары менен таламдарын өз убагында коргой албаса, анда бул
мамлекеттин мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык аталган жарандардын
укуктарын жана таламдарын чектөөчү алдын-ала чаралар жөнүндө буйруктар-
ды алуу максатында келген мамлекеттин сот жана башка мекемелеринде Кыр-
гыз Республикасынын жарандарын көрсөтүү же тиешелүү көрсөтүүнү камсыз
кылуу;
- учурда колдонулуп жаткан эл аралык макулдашууларга ылайык, же
болбосо, мындай макулдашуулар жок болгон учурда, келген мамлекеттин
мыйзамдарына жана эрежелерине каршы келбеген бардык башка тартипте сот-
тук жана соттук эмес;
- документтерди өткөрүп берүү же Кыргыз Республикасынын соттору
үчүн көрсөтмөлөрдү алуу боюнча сот тапшырмаларын пайдалануу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен эрежелеринде каралган
Кыргыз Республикасынын аба кемелерин жана самолетторун, ошондой эле
алардын экипаж мүчөлөрүн көзөмөлдөө жана инспекциялоо укуктарын ишке
ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын суу кемелерине жана самолетторуна, ошон-
дой эле алардын экипаж мүчөлөрүнө жардам көрсөтүү, суу кемелеринин
сүзүшүнө байланыштуу билдирүүлөрдү кабыл алуу, кеме документтерин тек-
шерүү жана тариздөө жана келген мамлекеттин бийликтеринин укуктарына
зыян келтирбестен, жолдо болгон ар кандай окуяларды изилдөө;
- Кыргыз Республикасынын консулдук мекемесине жүктөлгөн, келген
мамлекеттин мыйзамдары жана эрежелери тыюу салбаган же аларды аткаруу
боюнча келген мамлекет каршылык көрсөтпөгөн, же болбосо, Кыргыз Респуб-
ликасы менен келген мамлекеттин ортосунда түзүлгөн эл аралык келишим-
дерде каралган башка функцияларды аткаруу;
- келген мамлекетте Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык сая-
сатын жүзөгө ашыруу боюнча иштерди жүргүзүү, Кыргыз Республикасынын
мамлекеттик кызыкчылыктарына ылайык бул үчүн эњ жагымдуу шарттарды
түзүү, соода өкүлчүлүк функцияларды ишке ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасы жана тышкы экономи-
калык байланыш катышуучуларынын ишеним каттары боюнча Кыргыз Республи-
касынын тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнүн бардык маселелери боюнча кы-
зыкчылык туудурган бүтүмдөрдү жүргүзүү жана башка юридикалык актыларды
түзүү;
- келген мамлекет жөнүндө маалыматтарды чогултуу;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана зарыл болгон
учурда Кыргыз Республикасынын коомдук бирикмелери менен ишкер
чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнө келген мамлекеттин мамлекеттик органдары, коом-
дук бирикмелеринин жана ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү менен карым-катнаш-
тарды орнотууга көмөк көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасы менен келген мамлекеттин ортосундагы эл ара-
лык келишимдердин долбоорлорун, эл аралык келишимдерди түзүү, алардын
колдонулушун токтотуу жана убактылуу токтотуу, Кыргыз Республикасы ме-
нен келген мамлекеттин ортосундагы мамилелерге тиешелүү бөлүгүндө эки
тараптуу жана көп тараптуу келишимдерди аткаруу тууралуу сунуштарды да-
ярдоого көмөктөшүү;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн жана ТИМдин тапшырмаларына жана көрсөтмөлөрүнө ылайык келген
мамлекеттин мамлекеттик органдары менен сүйлөшүүлөрдү жана кењешмелерди
өткөрүү;
- келген мамлекеттин мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары,
тышкы саясий, тышкы экономикалык жана башка ведомстволору, коомдук би-
рикмелери, ишкер жана маданий чөйрөлөрү, массалык маалымат каражаттары,
келген мамлекеттеги дипломатиялык корпустун өкүлдөрү менен карым-кат-
наштарды колдоо;
- келген мамлекетте жашаган мекендештер жана улуттук борборлор ме-
нен байланыштарды жана карым-катнаштарды орнотууга жана өнүктүрүүгө
көмөктөшүү;
- Кыргыз Республикасынын тышкы жана ички саясаты, анын социал-
дык-экономикалык, маданий жана руханий жашоосу тууралуу расмий маалы-
маттарды келген мамлекетте жайылтуу;
- консулдук функцияларды аткаруу, Кыргыз Республикасынын келген
мамлекеттеги консулдук мекемелеринин ишмердүүлүгүн жалпы жетектөөнү,
ошондой эле Кыргыз Республикасынын келген мамлекеттеги дипломатиялык
өкүлчүлүгү менен консулдук мекемелеринин ортосундагы маалыматтарды жана
иш тажрыйбасын өз ара алмашууну ишке ашыруу, аларга методикалык жардам
көрсөтүү;
- тиешелүү эл аралык макулдашуулардын негизинде келген мамлекетте
үчүнчү өлкөлөрдүн жана алардын жарандарынын таламдарын көрсөтүү жана
коргоо;
- эњ жогорку жана жогорку дењгээлдеги мамлекеттер аралык ишсапар-
ларды, ошондой эле расмий мамлекеттик, өкмөттүк, парламенттик жана баш-
ка делегациялардын ишсапарларын даярдоого жана ишке ашырууга катышуу;
- ТИМдин тапшырмасы боюнча келген мамлекеттин тиешелүү органдары
менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана башкаруу органда-
рынын делегацияларын жана өкүлдөрүн келген мамлекетке жөнөтүү маселеле-
рин макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, келген мам-
лекеттин мыйзамдарына, эл аралык укуктун ченемдерине ылайык башка мил-
деттерди жана функцияларды ишке ашыруу.
III. Консулдук мекемелердин башчыларын дайындоо,
чакырып алуу жана/же ээлеген кызмат
ордунан бошотуу тартиби
12. Башкы консулдукту, консулдукту, вице-консулдукту жана консул-
дук агенттикти тиешелүү түрдө башкы консул, консул, вице-консул жана
консулдук агент (мындан ары-консулдук мекеменин башчысы) башкарат, ал
келген мамлекетте аккредиттелген Кыргыз Республикасынын башкы расмий
өкүлү болуп саналат. Консулдук мекеменин башчысы аккредитациялоочу бар-
дык мамлекеттер тарабынан каршылык жок болгон учурда бир нече чет элдик
мамлекеттерде аккредиттелиши мүмкүн.
13. Башкы консул болуп тиешелүү тажрыйбасы бар болгон Кыргыз Рес-
публикасынын жараны дайындалат, ал, эреже катары, чет тилдердин бирин
билүүгө, өзүнүн жеке сапаттары, профессионалдуу билими жана ден соолугу
боюнча ага жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жөндөмдүү болууга тийиш.
14. Башкы консул Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин
көрсөтмөсү боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка
дайындалат.
15. Консулдук мекемелердин башка жетекчилерин Кыргыз Республикасы-
нын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин дирек-
торунун көрсөтмөсү боюнча Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри
дайындайт.
16. Башкы консулдун кызматына талапкердин кандидатурасы Кыргыз
Республикасынын тышкы иштер министри тарабынан Кыргыз Республикасынын
Президентине жазуу түрүндө талапкердин биографиялык маалыматтарын,
ошондой эле ушул Жобонун 13-пунктунда белгиленген анын профессионалдуу
сапаттарын ырастоочу тиешелүү документтерди тиркөө менен көрсөтүлөт.
17. Башкы консулдун кызматына талапкерди Кыргыз Республикасынын
Президенти жактыргандан кийин ТИМ ага консулдук патент формасына ээ
болгон, ар бир кызматка дайындоо учурунда түзүлүүчү документ даярдайт,
ал консулдун кызматын ырастайт жана эреже катары анын толук атын жана
фамилиясын, ал таандык болгон категорияны же классты, консулдук аймакты
же консулдук мекеменин жайгашкан жерин камтыйт.
Жогоруда аталган документ дипломатиялык каналдар боюнча консулдук
мекеменин башчысы аймагында өз функцияларын аткарууга тийиш болгон мам-
лекеттин тышкы саясий ведомствосуна жөнөтүлөт.
18. Башкы консулду дайындоо тууралуу чечим аккредитациялоочу мам-
лекеттин тышкы саясий ведомствосунан экзекватура (макулдук) алынгандан
кийин Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы түрүндө кабыл алы-
нат.
19. Экзекватура алганга чейин консулдук мекеменин башчысы өз функ-
цияларын убактылуу аткарышы мүмкүн. Консулдук мекеменин башчысынын мил-
детин аткаруучунун толук аты жана фамилиясы келген мамлекеттин тышкы
саясий ведомствосуна же ал ведомство көрсөткөн органга көрсөтүлүп жат-
кан мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүгү, же эгерде бул мамлекеттин
келген мамлекетте мындай өкүлчүлүгү жок болсо, анда консулдук мекеменин
башчысы, же эгерде ал дагы муну жасай албаса, көрсөтүлүп жаткан мамле-
кеттин каалаган компетенттүү органы тарабынан билдирилет. Жалпы эреже
катары мындай билдирүү күн мурунтан жасалат.
20. Башкы консулду чакырып алуу жана/же ээлеген кызмат ордунан бо-
шотуу Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин көрсөтмөсү боюнча
Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан ишке ашырылат, бул учурда
ал чет өлкөгө кеткенге ээлеген кызмат ордунан төмөн эмес орунга дайын-
далуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек.
IV. Консулдук мекеменин персоналын дайындоо,
чакырып алуу жана/же ээлеген кызмат
ордунан бошотуу тартиби
21. Консулдук мекеменин персоналынын кызматкерлери Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтү бекиткен консулдук мекеменин штаттык расписаниесинин
алкагында Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерле-
ринин ичинен Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин буйругу ме-
нен кызматка дайындалат.
22. ТИМдин борбордук аппаратында же Кыргыз Республикасынын айма-
гындагы анын өкүлчүлүктөрүндө (мындан ары - ТИМдин борбордук аппараты)
иштеген, тиешелүү тажрыйбасы бар, чет тилдердин бирин билген, өзүнүн
профессионалдуу тажрыйбасы, даярдыгы жана адистиги, ошондой эле ден со-
олугу боюнча ага жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жөндөмдүү болгон дип-
ломатиялык кызматтын кызматкерлери консулдук мекемелерге дайындалат.
Консулдук мекемеге биринчи ирет дайындалганга чейин кызматкер ТИМ-
дин борбордук аппаратында эки жылдан кем эмес иштөөгө тийиш.
ТИМдин борбордук аппаратында эки жылдан кем иштеген ТИМдин борбор-
дук аппаратынын кызматкери ТИМдин борбордук аппаратында эки жылдан кем
эмес иштеген ТИМдин борбордук аппаратынын кызматкерлеринин арасында
ылайыктуу кандидатура жок болгон учурда гана консулдук мекемеге дайын-
далышы ыктымал.
23. Консулдук мекеменин жана ТИМдин борбордук аппаратынын кызмат-
керлеринин ротациясы милдеттүү түрдө ТИМдин Консулдук кызмат департа-
ментинде иштөө же стажировкадан өтүү шарты менен пландык тартипте ишке
ашырылат.
Ротациянын планга ылайыктуулугун камсыз кылуу максатында диплома-
тиялык кызматтын кызматкерлеринин төмөнкү иш мөөнөттөрү белгиленет:
- ТИМдин борбордук аппаратынын бөлүмдөрүндө чет элдик командиров-
калардын ортосундагы мезгилде - эки жылдан кем эмес;
- консулдук мекемеде-уч жылга чейин (кызматтык зарылчылык жана ти-
ешелүү кызматкердин макулдугу бар болгон учурда тышкы иштер министринин
чечими боюнча бир жылдан ашпаган мөөнөткө узартуу мүмкүнчүлүгү менен).
Администрациялык-техникалык персоналдын мүчөлөрү үчүн консулдук
мекемеде эки жылга чейин иштөө мөөнөтү белгиленет, бул мөөнөт тышкы иш-
тер министринин чечими боюнча узартылышы мүмкүн.
24. Консулдук мекеменин кызматкерлерин чакырып алуу ушул Жобонун
23-пунктунда белгиленген мөөнөт аяктагандыгына байланыштуу жүргүзүлөт.
Консулдук мекемеде иштегенден кийин Кыргыз Республикасына кайтып
келген дипломатиялык кызматтын кызматкери кайтып келген күндөн тартып
үч айдын ичинде кеткенге чейин ээлеген кызмат ордунан төмөн эмес орунга
дайындалат.
25. Консулдук мекеменин кызматкерлери төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн
мурда чакырып алынышы мүмкүн:
- кызматтык зарылчылык болгон учурда, ротациянын алкагында пландык
негизде, бирок консулдук мекемедеги эки жылдык иш мөөнөтү аяктагандан
кийин;
- келген мамлекетте өзгөчө кырдаал пайда болгон учурда;
- ал персона "нон гранта" деп жарыяланса, же болбосо, келген мам-
лекеттин компетенттүү бийликтери мындай адамдын келген мамлекетте болу-
усу мүмкүн эместиги жөнүндө билдирүү берсе;
- ал келген мамлекеттин каада-салттарын жана мыйзамдарын урматта-
баса, ошондой эле жалпы кабыл алынган жүрүш-туруш жана морал ченемдерин
сактабаса;
- ал өз үй-бүлө мүчөлөрүнүн келген мамлекеттин мыйзамдарын урмат-
ташын, ошондой эле жалпы кабыл алынган жүрүш-туруш жана морал ченемде-
рин сакташын камсыз кылуу боюнча милдеттенмелерин аткарбаса;
- чет өлкөдө иштөөгө тоскоолдук кылган катуу ооруга чалдыкса;
- консулдук мекеменин кызматкери өзүнүн жеке каалоосун билдирсе.
Консулдук мекеменин чакырып алынган кызматкери ТИМдин борбордук аппара-
тына кызмат ордуна дайындалат жана ошол эле убакта консулдук мекеменин
кызматкеринин кызматынан бошотулат.
26. Консулдук мекеменин кызматкери ошондой эле төмөнкү учурларда
ээлеген кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн:
- эмгек милдеттерин, ошондой эле ТИМ тарабынан өзүнүн чет элдик
мекемелери үчүн кабыл алынган Ички эмгек тартип эрежелеринде камтылган
режимдик талаптарды одоно бузса;
- иштеген жериндеги мүлктү (анын ичинде майдасын дагы) уурдаса,
жоготсо, аны билип туруп талкаласа же бузуп таштаса;
- жумушка алкоголдук, бањгилик же башка токсикалык мас болуу аба-
лында келсе;
- кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу ага маалым болгон
мыйзам тарабынан корголуучу жашыруун сырды (мамлекеттик, кызматтык жана
башка) жарыялап таштаса;
- эгерде мындан мурун колдонулган тартиптик чараларга карабастан
өзүнө жүктөлгөн милдеттенмелерди бир нече жолу аткарбаса же тийиштүү
түрдө аткарбаса;
- ага карата соттун айып өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирсе;
- ротация иретинде которулуудан баш тартса;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготсо же кош жарандуулук
тартибинде башка мамлекеттин жарандыгын кабыл алса;
- пенсиялык жашка жетсе;
- консулдук мекеменин кызматкеринин жеке каалоосу боюнча.
V. Консулдук мекеменин ишмердүүлүгүн уюштуруу
27. Консулдук мекеменин башчысы консулдук мекемени башкарат жана
анын ишин түздөн-түз жетектейт.
28. Консулдук мекеменин башчысы келген мамлекетте жок болгон учур-
да анын функцияларын убактылуу милдет аткаруучу аткарат, ал консулдук
мекеменин консулдук кызмат адамдарынын кызмат орду боюнча улууларынын
ичинен дайындалат.
29. Консулдук мекемеде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук ак-
тыларына ылайык бекитилген штаттык сандын жана эмгек акы фондусунун
чектеринде жарандык, визалык, паспорттук жана башка маселелер, ошондой
эле легализациялоо маселелери боюнча бөлүмдөр жана секторлор түзүлүшү
мүмкүн.
30. Консулдук мекеменин иши ТИМдин көрсөтмөлөрүн эске алуу менен
түзүлүүчү кварталдык, жарым жылдык же жылдык пландардын негизинде
жүргүзүлөт.
Консулдук мекеме тиешелүү консулдук, финансылык жана башка отчет-
торду ТИМ белгилеген мөөнөттөрдүн ичинде өз убагында көрсөтүүгө тийиш.
31. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык кон-
сулдук мекемеде профсоюздардан тышкары саясий партиялардын, диний, ко-
омдук бирикмелердин структуралары түзүлүшү мүмкүн эмес.
32. Консулдук мекеменин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик
жана башкаруу жана башка мамлекеттик органдары менен расмий кат алмашу-
усу ТИМ аркылуу ишке ашырылат Күтүүсүз учурларда консулдук мекеме алар-
га түздөн-түз кайрылышы мүмкүн, ал бул тууралуу ТИМге милдеттүү түрдө
билдириши керек.
VI. Консулдук мекеменин башчысынын функционалдык
милдеттери жана ыйгарым укуктары
33. Консулдук мекеменин башчысы консулдук мекемеге жүктөлгөн мил-
деттерди жана функцияларды аткаруу максатында төмөнкүлөрдү камсыз кы-
лат:
- консулдук мекеменин персоналынын ишин жана алардын бири-бири ме-
нен өз ара аракеттенүүсүн уюштурууну;
- консулдук мекеменин ишкердигин жетектөөнү жана консулдук мекеме-
нин жана анын аппаратынын ишкердиги, ага жүктөлгөн милдеттерди өз уба-
гында жана сапаттуу аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартууну;
- мекемеге жүктөлгөн функцияларды жеке аткарууну же аларды аткару-
уну башка консулдук кызмат адамдарына тапшырууну Консулдук мекеменин
башчысынын башка мамлекеттин консулдук функцияларын аткарышы ТИМдин
өзгөчө буйругу боюнча жана келген мамлекеттин бийликтеринин макулдугу
менен гана болушу мүмкүн;
- жылына бир жолудан кем эмес өзүнүн консулдук аймагын кыдырууну;
- консулдук мекеменин консулдук кызмат адамдарынын ортосундагы
кызматтык милдеттерди бөлүштүрүүнү, алардын ички эмгек тартип эрежеле-
рин сакташы үчүн зарыл чараларды көрүүнү, алардын тапшырмаларды жана
буйруктарды өз убагында, сапаттуу жана натыйжалуу аткарышын
көзөмөлдөөнү;
- ТИМ белгилеген тартипте ТИМге консулдук мекеменин ишмердүүлүгү
жөнүндө отчетторду көрсөтүүнү;
- жогорку саясий кыраакылыкты, мамлекеттик жана кызматтык жашыруун
сырды сактоону, консулдук мекеменин ишкердигинде белгиленген режимди
сактоону;
- консулдук мекеменин, Кыргыз Республикасынын келген мамлекеттеги
башка өкүлчүлүктөрүнүн консулдук кызмат адамдарынын келген мамлекетте
Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын татыктуу көрсөтүшүн, келген мам-
лекеттин мыйзамдарын, эрежелерин, ошондой эле анын элдеринин каа-
да-салттары менен үрп-адаттарын сакташын камсыз кылуу максатында алар
менен тиешелүү иштерди жүргүзүүнү;
- келген мамлекетте жайгашкан консулдук мекемеге, консулдук меке-
менин консулдук кызмат адамдарына жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө, Кыр-
гыз Республикасынын башка өкүлчүлүктөрүнө, дипломатиялык жана консулдук
курьерлерге жана алар менен кошо жүргөн дипломатиялык почтага жана кон-
сулдук вализага, ошондой эле эл аралык укукка жана келген мамлекеттин
мыйзамдарына ылайык артыкчылыктарды жана иммунитеттерди алууга укуктуу
болгон Кыргыз Республикасынын башка жарандарына берилүүчү артыкчылык-
тарды жана иммунитеттерди келген мамлекетте камсыз кылуу боюнча зарыл
чараларды көрүүнү;
- мамлекеттик жашыруун сырды жана башка мыйзам тарабынан корголуу-
чу сырды коргоону уюштурууну, кат алмашуунун жашырындуулугунун сакталы-
шын көзөмөлдөөнү ишке ашырууну жана консулдук мекеменин, консулдук кыз-
мат адамдарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн зарыл болгон коопсуз-
дук дењгээлин сактоо боюнча чараларды көрүүнү, өзгөчө кырдаалдар пайда
болгон учурларда Кыргыз Республикасынын келген мамлекеттеги чет элдик
мекемелеринин жана жарандарынын иш-аракеттерин белгиленген тартипте ко-
ординациялоону жана алардын ишкердигин жетектөөнү;
- консулдук мекемеге бөлүштүрүлүп берилген бюджеттик каражаттарды,
ошондой эле консулдук кызмат көрсөтүүлөрдөн келип түшкөн каражаттарды
сарамжалдуу коротууну, финансылык тартипти жана эн жогорку үнөмдүүлүк
режимин сактоону;
- консулдук мекеменин консулдук кызмат адамдары өздөрүнүн кесиптик
дењгээлин жогорулатышы, чет тилдерди үйрөнүүнү өркүндөтүшү үчүн шарт-
тарды түзүүнү;
- жамааттын ичиндеги нормалдуу моралдык-психологиялык климатты
түзүүнү жана консулдук мекеменин консулдук кызмат адамдарынын иши үчүн
зарыл болгон техникалык шарттарды камсыз кылууну, анын ишмердүүлүгүнө
байланыштуу маселелер боюнча сунуштарды белгиленген тартипте кир-
гизүүнү;
- консулдук мекеменин консулдук кызмат адамдары жана алардын
үй-бүлө мүчөлөрү мамлекет тарабынан социалдык жардам алышы үчүн бардык
тараптан көмөк көрсөтүүнү;
- консулдук аймактагы Кыргыз Республикасынын рангы боюнча төмөн
турган консулдук мекемелеринин, Кыргыз Республикасынын келген мамлекет-
те болгон делегацияларынын жана адистер топторунун ишкердиктерин коор-
динациялоону жана иштерин көзөмөлдөөнү.
34. Консулдук мекеменин башчысы ага жүктөлгөн функционалдык мил-
деттерди аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- белгиленген тартипте ТИМдин кароосуна келген мамлекет менен кон-
сулдук маселелер жана консулдук мекеменин ишкердиги боюнча кош тараптуу
кызматташуу тууралуу сунуштарды киргизүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана башкаруу органда-
рынан, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынан, ошондой эле Кыргыз
Республикасынын ишканаларынан, мекемелеринен жана уюмдарынан алардын
уюштуруу-укуктук формаларына жана кайсы ведомствого баш ийгендигине ка-
рабастан, консулдук мекеменин компетенциясына кирген маселелерди чечүү
үчүн зарыл болгон документтерди, маалымдама жана башка материалдарды
белгиленген тартипте алууга, аталган органдарга, ишканаларга, мекеме-
лерге жана уюмдарга белгиленген тартипте маалымат берүүгө;
- кокусунан пайда болгон өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында Кыргыз
Республикасынын консулдук мекемесинин атынан кабыл алынган чечимдер
үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алууга;
- зарыл болгон учурда жана ТИМдин макулдугу боюнча келген мамле-
кеттин аймагынан тышкары жерлерге кыска мөөнөттүү кызматтык командиров-
каларга чыгууга;
- зарыл болгон учурда ТИМ менен макулдашуу боюнча бир жылга беки-
тилген акча каражаттарын консулдук мекеменин сметасынын статьялары бо-
юнча, ошондон эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгилен-
ген тартипте кайрадан бөлүштүрүүнү жүргүзүүгө;
- ТИМ менен макулдашуу боюнча консулдук мекеменин консулдук кызмат
адамдарына алкыш жарыялоо, тиешелүү жылга бекитилген чыгымдар сметасы-
нын чектеринде финансылык каражаттарды үнөмдөөнүн эсебинен акчалай сы-
йакыларды ыйгаруу тууралуу буйруктарды чыгарууга, ошондой эле консулдук
мекеменин өзүн өзгөчө көрсөткөн консулдук кызмат адамдарын Кыргыз Рес-
публикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтүү, алардын
рангдарын көтөрүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ка-
ралган негиздер боюнча аларга тартиптик жаза салуу жана консулдук кыз-
мат адамдарынын ишин мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунуштарды бел-
гиленген тартипте ТИМге киргизүүгө;
- мамлекеттик кызмат орундарына кирбеген кызмат орундарын ээлеген
консулдук мекеменин администрациялык-техникалык кызматкерлерин сыйлоо
тууралуу буйруктарды чыгарууга, ошондой эле аларга тартиптик жаза салуу
жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте ТИМге киргизүүгө;
- ТИМ менен макулдашуу боюнча контракттык негизде Кыргыз Республи-
касынын жарандарын жана келген мамлекетте туруктуу жашаган чет элдик
жарандарды мекеменин штаттык расписаниесинде белгиленбеген техникалык
кызмат орундарына алууга жана аларды иштен кетирүүгө, ошондой эле
алардын өргүүлөрү жана командировкалары жөнүндө буйруктарды чыгарууга;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык ТИМ
менен макулдашуу боюнча келген мамлекетте жайгашкан консулдук мекеменин
консулдук кызмат адамдарынын Кыргыз Республикасына, ошондой эле башка
өлкөлөргө болгон командировкаларына жана кыска мөөнөттүү ба-
рып-келүүлөрүнө байланыштуу маселелерди чечүүгө;
- өзүнүн консулдук аймагынын алкагындагы келген мамлекеттин бий-
ликтерине консулдук мекеменин ишмердүүлүгүнө байланыштуу бардык маселе-
лер боюнча кайрылууга;
- консулдук мекеменин компетенциясынын чегинде тапшырмаларды
берүүгө жана буйруктарды чыгарууга;
- ТИМдин жетекчилигинин кароосуна консулдук мекеменин түзүмүн жана
штатын өркүндөтүү тууралуу сунуштарды киргизүүгө, ошондой эле мекеменин
ишмердүүлүгүнө тиешелүү бардык башка маселелер боюнча кайрылууга;
- өзүнүн резиденциясынын үстүндө, ошондой эле жолдо жүрүү каражат-
тарында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегин көтөрүүгө;
- бул Жободо каралбаган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана
келген мамлекеттин мыйзамдарына каршы келбеген башка функцияларды атка-
рууга.
35. Кыргыз Республикасынын бирдиктүү консулдук саясатын жүргүзүү
жана консулдук мекемеге жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында рангы
боюнча төмөн турган консулдук мекемелердин, келген мамлекетте болгон
делегациялардын жана адистер топторунун башчылары өз ишкердиктерин кел-
ген мамлекетте аккредиттелген консулдук мекеменин башчысы менен макул-
дашууга, ошондой эле ал өзүнүн функцияларын жана ыйгарым укуктарын ишке
ашырган учурда ага бардык тараптан көмөк көрсөтүүгө жана өздөрүнүн иш-
мердүүлүгү жөнүндө консулдук мекеменин башчысына билдирүүгө милдеттүү.
36. Консулдук мекеменин башчысы бир нече чет элдик мамлекеттерде
аккредиттелген учурда анын кызмат акысына төмөнкү үстөктөр орнотулат:
- бир өлкөнү айкалыштырып иштегендиги үчүн - 10%;
- эки жана андан көп өлкөнү айкалыштырып иштегендиги үчүн - 20%.
VII. Консулдук мекеменин консулдук кызмат
адамдарынын укуктары жана милдеттери
37. Консулдук мекеменин консулдук кызмат адамдарынын иш жүргүзүү
тартиби ТИМ тарабынан өзүнүн чет элдик мекемелери үчүн белгиленген Ички
эмгек тартип эрежелери менен аныкталат.
38. Консулдук мекеменин башчысынын жана консулдук мекеменин кон-
сулдук кызмат адамдарынын укуктары жана милдеттери "Мамлекеттик кызмат
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын дип-
ломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына, эмгек
мыйзамдарына, ушул Жобого жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик
укуктук актыларына, Консулдук мамилелер жөнүндө 1963-жылкы Вена конвен-
циясына, ошондой эле эл аралык укуктун колдонуудагы башка ченемдерине
ылайык аныкталат.
Келген мамлекетте кабыл алынган кызматкерлердин укуктары жана мил-
деттери Консулдук мамилелер жөнүндө 1963-жылкы Вена конвенциясына, Кыр-
гыз Республикасынын жана келген мамлекеттин ченемдик укуктук актыларына
ылайык консулдук кызмат адамдары тарабынан кол коюлган контракттар ар-
кылуу аныкталат.
39. Консулдук мекеменин консулдук кызмат адамдары төмөнкүлөргө
укуктуу:
- белгиленген тартипте кызматтык квалификацияларын жогорулатууга,
алардын билим дењгээлин, компетенттүүлүгүн жана кесиптик тажрыйбасын,
ошондой эле эмгек ишкердигин эске алуу менен кызматы боюнча алдыга ка-
рай жылууга;
- мамлекет тарабынан социалдык жана укуктук коргоо, ошондой эле
алардын үй-бүлө мүчөлөрүн кошуп тиешелүү медициналык кызмат көрсөтүүнү
алууга;
- ден соолук үчүн коопсуз болгон эмгек шарттары менен камсыз болу-
уга;
- пенсиялык камсыздоого;
- жетекчи берген буйруктун мыйзамдуу экендигинде шек саноо пайда
болгон учурда анын оозеки буйругунун жазуу түрүндө тастыкталышын талап
кылууга;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык өргүүгө жана эс
алууга чыгууга.
Консулдук кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук
актылары тарабынан белгиленген башка укуктарга ээ болушат.
40. Жумуш ордуна көчүп барууга байланышкан компенсацияларды төлөп
берүү тартиби жана шарттары, ошондой эле консулдук мекемеге иштөө үчүн
жөнөтүлүп жаткан кызматкерлерди материалдык-тиричилик жактан камсыз кы-
луу тартиби келген мамлекеттеги климаттык жана башка шарттарды эске
алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
41. Консулдук мекеменин консулдук кызмат адамдары төмөнкүлөргө
милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана башка ченемдик укук-
тук актыларын сактоого;
- Кыргыз Республикасынын консулдук саясатын ишке ашырууну жүргү-
зүүгө, Кыргыз Республикасынын эл аралык абройун көтөрүүгө, анын кооп-
суздугун, экономикалык жана илимий-техникалык потенциалын чыњдоого кө-
мөк көрсөтүүгө;
- Кыргыз Республикасын татыктуу көрсөтүүгө жана келген мамлекетте-
ги анын таламдарын коргоого;
- келген мамлекеттин мыйзамдарын, эрежелерин жана каада-салттарын
урматтоого;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары тарабынан кор-
голуучу мамлекеттик, кызматтык жана башка жашыруун сырды, анын ичинде
дипломатиялык кызматтагы иш токтогондон кийин дагы сактоого;
- өздөрүнүн кесиптик дењгээлин, квалификациясын жогорулатууга, чет
тилдерин өркүндөтүүгө;
- ички эмгек тартип эрежелерин сактоого;
- консулдук мекеменин милдеттерин жана функцияларын аткаруу боюнча
консулдук мекеменин башчысынын, ал эми ал жок болгон учурда-консулдук
мекеменин башчысынын милдетин аткаруучунун буйруктарын жана көрсөтмөлө-
рүн аткарууга.
42. Консулдук мекеменин консулдук кызмат адамдарынын төмөнкүлөргө
укуктары жок:
- педагогикалык, илимий жана башка чыгармачыл иштерден тышкары
башка акча төлөнүүчү иш-аракеттер менен алек болууга;
- жеке ишкердик ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө, ошондой эле өзүнүн кыз-
маттык абалын жеке адамдар жана юридикалык жактар өздөрүнүн ишкердик
ишмердүүлүктөрүн жүргүзгөндө аларга көмөк көрсөтүү жана бул үчүн ар
кандай түрдөгү сыйакы алуу максатында пайдаланууга;
- материалдык-техникалык, финансылык жана маалыматтык камсыздоо
каражаттарын, кызматтык автоунаа каражаттарын, башка мамлекеттик мүлктү
жана кызматтык маалыматтарды кызматтык эмес максаттарда пайдаланууга;
- протоколдук ишчараларды өткөрүү учурунда ыйгарылуучу белектерден
тышкары жеке адамдардан жана юридикалык жактардан белектерди алууга;
- өздөрүнүн кызматтык ишмердүүлүгүнө байланыштуу саясий партиялар-
дын жана диний уюмдардын иштеринде катышууга;
- кол астындагы кызматкерлердин эмгегин консулдук мекеменин функ-
цияларынан тышкары жерлерде пайдаланууга;
- "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын мыйзамы жана "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Рес-
публикасынын мыйзамы тыюу салган башка иш-аракеттерди жүргүзүүгө.
43. Консулдук кызмат адамдарынын эмгек талаштары Кыргыз Республи-
касынын колдонуудагы мыйзамдарынын алкагында чечилет.
VIII. Консулдук мекеменин башчысынын жана консулдук мекеменин
башка консулдук кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
44. Укук бузгандыгы үчүн консулдук мекеменин башчысы жана консул-
дук мекеменин башка консулдук кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын
ченемдик укуктук актылары тарабынан белгиленген тартипте жана шарттарда
кылмыштык, материалдык, администрациялык жана тартиптик жоопкерчиликке
тартылат.
45. Консулдук мекеменин башчысы жана консулдук мекеменин башка
консулдук кызмат адамдары өздөрүнүн милдеттерин аткарбаса же тиешелүү
эмес аткарса, аларга карата төмөнкү тартиптик жаза чаралары колдонулушу
мүмкүн:
- эскертүү;
- сөгүш;
- катуу сөгүш;
- кызматына толук эмес ылайыктуулугу тууралуу эскертүү;
- кызматын же дипломатиялык рангын төмөндөтүү;
- дипломатиялык рангын алып таштоо;
- ээлеген кызмат ордунан бошотуу;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары тарабынан бел-
гиленген башка тартиптик жаза чаралары.
46. Консулдук мекеме башчысын жана консулдук мекеменин башка кон-
сулдук кызмат адамдарын ээлеген кызмат ордунан чакырып алуу жана/же бо-
шотуу, алардын кызмат ордун же дипломатиялык рангын төмөндөтүү, ошондой
эле дипломатиялык рангды алып таштоо Кыргыз Республикасынын Президенти
тарабынан ыйгарылган дипломатиялык рангды алып таштоодон же кичи-
рейтүүдөн тышкары учурларда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык
ТИМдин Консулдук кызмат департаментинин директорунун көрсөтмөсү боюнча
тышкы иштер министринин буйругу аркылуу жүргүзүлөт.
47. 45-пунктунда белгиленген тартиптик жаза чаралары Кыргыз Рес-
публикасынын эмгек мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте консулдук
мекеменин бардык консулдук кызмат адамдарына карата Кыргыз Республика-
сынын тышкы иштер министри тарабынан колдонулат.
48. Тартиптик жаза Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыла-
рында каралган башка жоопкерчиликке алып келүүчү иш-аракеттерге карата
колдонулушу мүмкүн эмес.
IX. Корутунду жоболор
49. Консулдук мекеме юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Респуб-
ликасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү коюлган жана өзүнүн аталышы бар
мөөргө, башка тиешелүү мөөрлөр менен штамптарга, банктагы счетторго ээ
болот.
50. Кыргыз Республикасынын менчиги болуп саналган жер участоктору,
имараттар, курулуштар жана консулдук мекеменин башка мүлктөрү мекеменин
артында Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары тарабынан бел-
гиленген тартипте бекитилет.
Консулдук мекеме анын аркасында бекитилген мүлккө карата белгилен-
ген тартипте ТИМ менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын жана
келген мамлекеттин мыйзамдарына ылайык ээлик кылуу, пайдалануу жана
башкаруу укуктарын ишке ашырат.
51. Консулдук мекеменин ишмердүүлүгүн камсыз кылууга байланышкан
финансылык жана башка маселелер Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук
актыларына жана ТИМдин инструкцияларына ылайык чечилет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 31-июлундагы № 357 "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын ишин өркүндөтүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.07.2007 · № 357
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мамлекеттик кызмат жөнүндөЗакон · 11.08.2004 · № 114 · Күчүн жоготкон
- О дипломатической службе Кыргызской РеспубликиЗакон · 25.07.2002 · № 131 · Күчүн жоготкон