# 5-статья. Иммунопрофилактика жүргүзгөн учурдагы жарандардын укуктары менен милдеттери

- Документ: [Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/463)
- Толук аталышы: КР 2001-жылдын 26-июнундагы № 56 "Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 56
- Кабыл алынган күнү: 26.06.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 10 "Об общественном здравоохранении"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 июля 2017 года № 119 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об иммунопрофилактике инфекционных болезней"](https://aqlex.ai/kg/doc/111626)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 05.07.2017 [Закон КР от 5 июля 2017 года № 119 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об иммунопрофилактике инфекционных болезней"](https://aqlex.ai/kg/doc/111626); 19.07.2011 [Закон КР от 19 июля 2011 года № 112 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об иммунопрофилактике инфекционных болезней" "](https://aqlex.ai/kg/doc/203352); 30.07.2005 [Закон КР от 30 июля 2005 года № 118 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об иммунопрофилактике инфекционных болезней"](https://aqlex.ai/kg/doc/1715)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/463#diff=816709..816710>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/463/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-444/edition/816706/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/463/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо тууралу, 5-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/463/st-5

---

Кыргыз Республикасынын жарандары иммунопрофилактиканы жүргүзгөн учурда төмөндөгүлөргө укуктуу:

- профилактикалык эмдөөнүн зарылдыгы, андан баш тарткан учурдагы анын кесепеттери, вакцинациялоодон кийин ырбап кетүү коркунучунун болушу жөнүндө медициналык кызматкерлерден толук жана объективдүү маалыматтарды алууга;

- мамлекеттик, муниципалдык, жеке менчик, менчиктин дагы башка формаларындагы саламаттык сактоо мекемелерин тандап алууга;

- Кыргыз Республикасынын жарандарын камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктердин программасына ылайык мамлекеттик мекемелерде акысыз профилактикалык эмдөөлөргө;

- мамлекеттик, муниципалдык, жеке менчик, менчиктин дагы башка формаларындагы саламаттык сактоо мекемелеринде алдын алуу эмдөөлөрүнүн улуттук календарына киргизилбеген акы төлөнүүчү профилактикалык эмдөөлөрдү алууга;

- акысыз медициналык байкоодон өтүүгө, эгер зарыл болсо профилактикалык эмдөөнүн алдында саламаттыкты сактоонун мамлекеттик мекемелеринде медициналык текшерүүдөн өтүүгө;

- вакцинациялоодон кийин ырбап кеткенде мамлекеттик саламаттык сактоо мекемелеринде акысыз дарыланууга;

- вакцинациялоодон кийин ырбап кеткен учурда социалдык жактан корголууга;

- эгерде башка ченемдик актыларда башкалар көрсөтүлбөсө, профилактикалык эмдөөдөн баш тартууга.

Профилактикалык эмдөөсү жок болсо:

- жаран башка өлкөгө, эгер ал өлкөдө жүргөн учурда эл аралык медико-санитардык, болбосо Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерине ылайык белгилүү бир профилактикалык эмдөөлөр талап кылынса, ал өлкөгө жөнөп кете албайт;

- массалык жугуштуу оорулар менен ооруганда же эпидемия чыгуу коркунучу пайда болгондо жарандарды билим берүү мекемелерине жана дарылап сакайтуучу мекемелерге кабыл алууну убактылуу токтото туруу;

- жарандарды ишке алуудан баш тартуу же жарандардын иши жугуштуу оорулар менен ооруп калуу тобокели менен байланышкан болсо, аны иштен четтетүү.

Жугуштуу оорулар менен ооруу коркунучун пайда кылган милдеттүү түрдө профилактикалык эмдөө жүргүзүүнү талап кылган иштердин тизмеси Саламаттык сактоо министрлигинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. (4 Бөлүк КР 2017-жылдын 5-июлундагы № 119 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Иммунопрофилактиканы жүргүзүп жаткан учурда жарандар:

- медицина кызматкерлеринин айткандарын жана сунуштарын аткарууга;

- профилактикалык эмдөөдөн баш тартса, аны жазуу жүзүндө тастыктоого милдеттүү.

Жашы жетелектин оорусунун өрчүшүнө алып келген профилактикалык эмдөөдөн баш тартуу үчүн жоопкерчиликти ата-энеси же анын мыйзамдуу өкүлү тартат. (КР 2005-жылдын 30-июлундагы № 118, 2011-жылдын 19-июлундагы № 112, 2017-жылдын 5-июлундагы № 119 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/463/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/463/st-6)
