# 4-статья. Иммунопрофилактика жаатындагы мамлекеттик саясат

- Документ: [Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/463)
- Толук аталышы: КР 2001-жылдын 26-июнундагы № 56 "Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 56
- Кабыл алынган күнү: 26.06.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 10 "Об общественном здравоохранении"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 июля 2005 года № 118 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об иммунопрофилактике инфекционных болезней"](https://aqlex.ai/kg/doc/1715)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/463#diff=816707..816708>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/463/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-444/edition/816706/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/463/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо тууралу, 4-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/463/st-4

---

Иммунопрофилактика жаатындагы мамлекеттик саясат жугуштуу оорулардын алдын алууга, алардын жайылышын чектөөгө жана жоюуга багытталган. Иммунопрофилактика жаатында мамлекет төмөндөгүлөргө кепилдик берет:

- жарандар үчүн профилактикалык эмдөөнүн жеткиликтүүлүгүнө;

- профилактикалык эмдөөлөрдүн улуттук календарына кирген профилактикалык эмдөөлөрдү жана Кыргыз Республикасынын жарандарын медицина - санитардык жактан камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктердин программаларына ылайык саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча акысыз профилактикалык эмдөөлөрдү жүргүзүүгө;

- вакцинациялоодон кийин ырбап кеткен учурда жарандарды социалдык жактан коргоого;

- улуттук максаттуу жана регионалдык программаларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга;

- иммунопрофилактиканы жүргүзүү үчүн таасирдүү медициналык иммунобиологиялык дары-дармектерди колдонууга;

- медициналык иммунобиологиялык дары-дармектердин сапатына, таасирдүүлүгүнө жана коопсуздугуна мамлекеттин контроль жүргүзүшүнө;

- иммунопрофилактика жаатындагы илимий изилдөөлөрдү колдоого жана жаңы медициналык иммунобиологиялык дары-дармектерди иштеп чыгууга;

- иммунопрофилактика маселелери боюнча медициналык кызматкерлерди даярдоону мамлекеттик билим берүү стандартына киргизүүгө;

- статистикалык байкоо тутумун өркүндөтүүгө;

- бирдиктүү мамлекеттик маалымат саясатын камсыз кылууга;

- эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө.

Иммунопрофилактика жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жер-жерлердеги аткаруу бийлик органдары жүргүзөт. (КР 2005-жылдын 30-июлундагы № 118 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/463/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/463/st-5)
