# 10-статья. Профилактикалык эмдөөлөрдүн улуттук календары

- Документ: [Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/463)
- Толук аталышы: КР 2001-жылдын 26-июнундагы № 56 "Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 56
- Кабыл алынган күнү: 26.06.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 10 "Об общественном здравоохранении"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 июля 2017 года № 119 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об иммунопрофилактике инфекционных болезней"](https://aqlex.ai/kg/doc/111626)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 05.07.2017 [Закон КР от 5 июля 2017 года № 119 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об иммунопрофилактике инфекционных болезней"](https://aqlex.ai/kg/doc/111626); 19.07.2011 [Закон КР от 19 июля 2011 года № 112 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об иммунопрофилактике инфекционных болезней" "](https://aqlex.ai/kg/doc/203352)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/463#diff=816709..816710>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/463/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-444/edition/816706/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/463/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо тууралу, 10-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/463/st-10

---

Профилактикалык эмдөөлөрдүн улуттук календары башкаруучу инфекцияга каршы жүргүзүлүүчү пландуу профилактикалык эмдөөнү камтыйт. Пландуу профилактикалык эмдөөлөр профилактикалык эмдөөлөрдүн улуттук календарында белгиленген мөөнөттө Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына жасалат. (2 Бөлүк КР 2017-жылдын 5-июлундагы № 119 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (КР 2011-жылдын 19-июлундагы № 112, 2017-жылдын 5-июлундагы № 119 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 11-статья. Эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча профилактикалык эмдөөлөр Жугуштуу оорулардын пайда болуу жана жайылуу коркунучу жаралган учурда эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча профилактикалык эмдөөлөр жарандарга жүргүзүлөт. Эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча профилактикалык эмдөөлөрдү жүргүзүү жөнүндөгү чечимди Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик санитардык врачы, областтык, шаардык жана райондук башкы мамлекеттик санитардык врачы, ал эми Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, ички иштер, улуттук коопсуздук, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын мекемелеринде - тийиштүү медициналык-санитардык кызматтын начальниктери кабыл алышат. (3 Бөлүк КР 2017-жылдын 5-июлундагы № 119 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (КР 2005-жылдын 18-июнундагы № 77, 2011-жылдын 19-июлундагы № 112, 2017-жылдын 5-июлундагы № 119 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/463/st-9)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/463/st-12)
