# 1-статья. Негизги түшүнүктөр

- Документ: [Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/463)
- Толук аталышы: КР 2001-жылдын 26-июнундагы № 56 "Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 56
- Кабыл алынган күнү: 26.06.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 10 "Об общественном здравоохранении"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002377)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/463/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-444/edition/816706/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/463/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо тууралу, 1-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/463/st-1

---

Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй түшүнүктөр пайдаланылат: жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо (мындан ары иммунопрофилактика) - профилактикалык эмдөөлөрдү жүргүзүү жолу менен жугуштуу оорулардын алдын алуу, алардын жайылышын чектөө жана жоюу максатында жүзөгө ашырылуучу иш-чаралардын тутуму; профилактикалык эмдөөлөр - жугуштуу ооруларды өзгөчө кабыл албоону жаратуу үчүн адамдын организмине медициналык иммунобиологиялык препараттарды куюу; медициналык иммунобиологиялык препараттар - жугуштуу ооруларды өзгөчө кабыл албоону жаратууга тиешелүү вакциналар, анатоксиндер, иммунобиологиялык дары-дармек каражаттары; профилактикалык эмдөөлөрдүн улуттук календары - жарандарга профилактикалык эмдөөлөрдү жүргүзүүнүн мөөнөтүн жана тартибин белгилеген ченемдик укуктук акт; профилактикалык эмдөөлөрдүн улуттук календарына киргизилген профилактикалык эмдөөлөрдөн жана эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча профилактикалык эмдөөлөрдөн келип чыккан вакцинациялоодон кийинки ырбоо (мындан ары - вакцинациялоодон кийинки ырбоо) - профилактикалык эмдөөлөрдүн кесепетинен ден соолуктун өтө жана (же) биротоло бузулушу; профилактикалык эмдөөлөрдүн сертификаты - жарандарга жасалган профилактикалык эмдөөлөр катталган документ.

---

Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/463/st-11)
