# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 19-декабрындагы №440 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 19-декабрындагы №440 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 440
- Кабыл алынган күнү: 19.12.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.12.2004
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4624>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2213/edition/288590/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4624.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.12.2004 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 19-декабрындагы №440 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу" Жарлыгы (19.12.2004 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4624

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2004-жылдын 19-декабры ПЖ N 440

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

Кыргыз Республикасынын Президентинин

Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө

жоболорду бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө Жобо-

го жана анын түзүмүн жана штаттык санын оптималдаштыруу боюнча кабыл

алынган чараларга ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын

түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө тиркелген жоболор бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 27-ноябрындагы

N 333 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кењешчилери жөнүндөгү Жобо-

ну бекитүү тууралуу" Указы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 10-июлундагы N

232 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын структура-

лык бөлүмдөрү жөнүндөгү жоболорду бекитүү тууралуу" Указы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 25-сентябрында-

гы N 286 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир Указдарына

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Указы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 22-январындагы

N 41 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 10-июлундагы

"Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын структуралык

бөлүмдөрү жөнүндөгү жоболорду бекитүү тууралуу" Указына өзгөртүүлөрдү

киргизүү жөнүндө" Указы;

- Кыргыз Республикасынын Президеитинин 2001-жылдын 23-августундагы

N 260 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү" Указынын 3-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 16-февралындагы

N 46 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу аялдар, үйбүлө жана

гендердик өнүктүрүү маселеси боюнча Улуттук кењеш жана аялдар, үйбүлө

жана гендердик өнүктүрүү маселеси боюнча Улуттук кењештин секретариаты

жөнүндөгү жоболорду бекитүү тууралуу" Указынын N 2 тиркемеси;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 6-январындагы N

2 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүү-

лөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы.

3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев
