Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин УП № 284 « Чүй облусунун Панфилов районунун Орто айылдык кеңешинин, Чүй районунун Бурана айылдык кеңешинин жергиликтүү өзалдынча башкаруусунун башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө»
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 31 мая 2022 года УП № 172 " О признании утратившими силу некоторых указов Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-05-31.
КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына ылайык күчүн жоготту
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2007-жылдын 5-июну ПЖ №284
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Чүй облусунун Панфилов районунун Орто айылдык кењешинин, Чүй районунун Бурана айылдык кењешинин жергиликтүү өзалдынча башкаруусунун башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
Чүй облусунун Панфилов районунун Орто айылдык кењешинин, Чүй райо- нунун Бурана айылдык кењешинин жергиликтүү өзалдынча башкаруусунун баш- чыларынын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-статьясынын 6-пунктун жана Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекстин 88-статьясынын 2-пунктун жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Чүй облусунун Панфилов районунун Орто айылдык кењешинин, Чүй
районунун Бурана айылдык кењешинин жергиликтүү өзалдынча башкаруусунун башчыларын шайлоо жекшембиге, 2007-жылдын 5-августуна дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясы шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзам- дарына ылайык уюштурсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- жергиликтүү өзалдынча башкаруунун башчыларын шайлоону даярдоо
жана өткөрүү үчүн финансылык каражаттарды белгиленген тартипте бөлсүн;
- шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти, Кыр-
гыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоону камсыз кылсын.
4. Чүй облусунун Панфилов, Чүй райондорунун мамлекеттик админист-
рацияларынын башчылары - акимдери жана тиешелүү айылдык кењештердин жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары шайлоону даярдоо жана өткөрүү учурунда шайлоо комиссияларын шайлоочулардын сапаттуу тизмелери менен камсыз кылсын жана аларга уюштуруу жана материалдык-техникалык маселе- лерди чечүүгө көмөк көрсөтсүн.
5. Бул Жарлыктын аткарылышына-контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мам- лекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.05.2022 · № 172