# КР Президентинин 1997-жылдын 5-июлундагы ПУ № 204 "Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Адам укугу боюнча комиссия жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 1997-жылдын 5-июлундагы ПУ № 204 "Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Адам укугу боюнча комиссия жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 204
- Кабыл алынган күнү: 05.07.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.09.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/46213>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2597/edition/486112/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/46213.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.09.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 1997-жылдын 5-июлундагы ПУ № 204 "Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Адам укугу боюнча комиссия жөнүндө" Жарлыгы (25.09.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/46213

---

КР Президентинин 2013-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ № 193 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 1997-жылдын 5-июлу ПУ № 204 Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Адам укугу боюнча комиссия жөнүндө Адамдардын граждандык жана саясий укуктарын камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин адамдарды жана граждандардын укуктарынын жана эркиндиктеринин гаранты катары Конституциялык ыйгарым укуктарын ишке ашырууга көмөктөшүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдында Адам укугу боюна комиссия түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Адам укугу боюнча комиссия жөнүндөгү Жобо бекитилсин (тиркелет).

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Адам укугу боюнча комиссиянын жекече курамы боюнча сунуш киргизсин.

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын эл аралык бөлүмүнө Комиссиянын ишин уюштуруу, маалыматтык жана башкача камсыз кылуу милдети жүктөлсүн.

5. Бул Указ кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Акаев
