Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин «Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну мамлекеттик колдоонун Программасы жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну реформалоонун Негизги багыттары жөнүндө» жарлыгы
КР Президентинин 2011-жылдын 10-сентябрындагы ПЖ № 236 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 1997-жылдын 12-майы ПУ № 127 Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну мамлекеттик колдоонун Программасы жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну реформалоонун Негизги багыттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү иштеп чыккан 1997-1998-жылдарга Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну жана анын органдарын мамлекеттик колдоонун Программасын жана Кыргыз Республикасынын шаарларынын, райондорунун, областтарынын деңгээлиндеги жергиликтүү өз алдынча башкарууну реформалоонун Негизги багыттарын карап чыгып, ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Тиркелген Программа жана Негизги багыттар бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун уюштуруу-укуктук жана материалдык-финансылык базасын өнүктүрүү мамлекеттик аткаруу бийлигинин бардык органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Ассоциациясынын негизги милдети деп эсептелсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бардык министрликтердин, ведомстволордун, областтык, райондук жана шаардык мамлекеттик администрациялардын күч-аракеттерин Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну жана анын органдарын мамлекеттик колдоо Программасын жана Кыргыз Республикасынын шаарларынын, райондорунун, областтарынын деңгээлиндеги жергиликтүү өз алдынча башкарууну реформалоонун Негизги багыттарын аткарууга топтосун.
4. Министрликтер, ведомстволор, областтык, райондук жана шаардык мамлекеттик администрациялардын башчылары, областтык, райондук жана шаардык кеңештердин төрагалары, Бишкек шаарынын мэри:
- Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну мамлекеттик колдоонун Программасын жана реформалоонун Негизги багыттарын аткарууну камсыз кылсын;
- Программаны жана Негизги багыттарды ишке ашыруу жана анын аткарылышын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыксын;
- Программа менен Негизги багыттарды аткаруунун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана агрардык саясат бөлүмүнө жарым жылда бир жолу отчет берип турсун.
5. Ушул Указды аткарууга контролдук кылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана агрардык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Акаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Президентинин 2011-жылдын 10-сентябрындагы № 236 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" жарлыгыУказ · 10.09.2011 · № 236
- Указ Президента КР от 23 июня 1998 года УП №200 "Об организации местного самоуправления в городах районного подчинения Кыргызской Республики"Указ · 23.06.1998 · № 200 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Постановление Правительства КР от 9 сентября 1997 года №516 "О внедрении новой системы адресной социальной защиты населения"Постановление · 09.09.1997 · № 516 · Күчүн жоготкон