Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы „Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндөгү“ Жарлыгына толуктоолорду киргизүү тууралу» Жарлыгы
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 20-июну № 316
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын
30-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндөгү"
Жарлыгына толуктоолорду киргизүү тууралу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын түзүмүн
оптималдаштыруу жана башкаруу системасын өркүндөтүү максатында токтом
кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы
№ 607 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптимал-
даштыруу жөнүндөгү" Жарлыгына төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлыктын "Мамлекеттик башкаруу органдарынын
мамлекеттик кызмат орундарынын ченемдик түзүмү" деген № 5 тиркеменин
эскертүүсүндө:
1-пунктта "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча Борбордук комиссиясы" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республи-
касынын Социалдык фонду" деген сөздөр кошулсун;
2-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги" деген
сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соо-
да министрлиги" деген сөздөр кошулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ыла-
йык келтирсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мам-
лекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы ПЖ № 607 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" буйругуУказ · 30.11.2005 · № 607 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы № 573 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык…Указ · 14.12.2009 · № 573 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- КР Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы ПЖ № 607 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" буйругуУказ · 30.11.2005 · № 607 · Күчүн жоготкон