# КР Президентинин 1997-жылдын 15-апрелиндеги № 105 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан карыздык баалуу кагаздарды жүгүртүүгө чыгарууну тартипке салуу жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 1997-жылдын 15-апрелиндеги № 105 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан карыздык баалуу кагаздарды жүгүртүүгө чыгарууну тартипке салуу жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 105
- Кабыл алынган күнү: 15.04.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.09.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/46127>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2522/edition/376054/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/46127.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 1997-жылдын 15-апрелиндеги № 105 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан карыздык баалуу кагаздарды жүгүртүүгө чыгарууну тартипке салуу жөнүндө" жарлыгы (10.09.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/46127

---

КР Президентинин 2011-жылдын 10-сентябрындагы ПЖ № 236 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 1997-жылдын 15-апрели ПУ № 105 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан карыздык баалуу кагаздарды жүгүртүүгө чыгарууну тартипке салуу жөнүндө Финансы рыногунда граждандардын таламдарын укуктук жактан коргоону камсыз кылуу, муниципалдык баалуу кагаздарды чыгарып жаткан мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигин жогорулатуу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы баалуу кагаздардын рыногу боюнча улуттук Комиссия менен бирдикте 1997-жылдын 15-июнуна чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан карыздык баалуу кагаздарды жүгүртүүгө чыгарууну тартипке салуучу, тартылган акча каражаттарын пайдалануу, карыздардан кутулуу механизмин жөнгө салуучу жана инвесторлордун алдында эмитенттердин жоопкерчилигин белгилөөчү мыйзам долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

2. Баалуу кагаздардын рыногунун профессионал катышуучуларынын арасында атаандашууну өркүндөтүүгө көмөк болуучу шарт түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 30-октябрындагы "Кыргыз инвестициялык-финансы корпорациясын түзүү жөнүндөгү" Указынын Кыргыз инвестициялык-финансы корпорациясына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу уюму (агенти) катары чыгуу укугун берген бөлүгүндөгү 1-пункту күчүн жоготту деп табылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Указга ылайык келтирсин.

4. Бул Указ жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А. Акаев
