# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 18-июлундагы ПЖ №258 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 12-июлундагы «Кыргыз Республикасында финансылоонун ислам приициптерин киргизүүнүн Пилоттук долбоору жөнүндө» Жарлыгына јзгјртүүлјрдү киргизүү тууралу"жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 18-июлундагы ПЖ №258 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 12-июлундагы «Кыргыз Республикасында финансылоонун ислам приициптерин киргизүүнүн Пилоттук долбоору жөнүндө» Жарлыгына јзгјртүүлјрдү киргизүү тууралу"жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 258
- Кабыл алынган күнү: 18.05.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.01.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4609>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2199/edition/392651/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4609.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.01.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 18-июлундагы ПЖ №258 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 12-июлундагы «Кыргыз Республикасында финансылоонун ислам приициптерин киргизүүнүн Пилоттук долбоору жөнүндө» Жарлыгына јзгјртүүлјрдү киргизүү тууралу"жарлыгы (15.01.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4609

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2007-жылдын 18-майы ПЖ № 258 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 12-июлундагы "Кыргыз Республикасында финансылоонун ислам принциптерин киргизүүнүн Пилоттук долбоору жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу

(КР Президентинин 2009-жылдын 15-январындагы ПЖ № 33 Жарлыгынын редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасында пилоттук долбоорду жүзөгө ашырууну, киргизүүнү аяктоону жана ал боюнча алынган натыйжаларды эске алуу менен финансылоонун ислам принциптерин киргизүү үчүн өбөлгөлөрдү түзүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 12-июлундагы № 373 "Кыргыз Республикасында финансылоонун ислам принциптерин киргизүүнүн Пилоттук долбоору жөнүндө" Жарлыгынын 6-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"- Кыргыз Республикасында банк ишинин жана финансылоонун ислам принциптерин киргизүү боюнча пилоттук долбоорду жүзөгө ашырууну аяктоо жана аталган Меморандумдун чегинде түзүлгөн Жетекчи комитеттин корутундусу алынгандыгы, ушул долбоордун натыйжалары жөнүндө "Экобанк" АКК сунуш кылган отчеттун жыйынтыгы боюнча эки айлык мөөнөттө ссудалык пайызды жокко чыгарган банк ишинин жана финансылоонун альтернативдүү принциптерин жөнгө салууну караган мыйзам долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.". (КР Президентинин 2009-жылдын 15-январындагы ПЖ № 33 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
