# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 3-апрелиндеги ПЖ №150 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик түзүлүш жана башкаруу системасын андан ары өркүндөтүү жөнүндө." Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 3-апрелиндеги ПЖ №150 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик түзүлүш жана башкаруу системасын андан ары өркүндөтүү жөнүндө." Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 150
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.09.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4595>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2187/edition/627950/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4595.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.09.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 3-апрелиндеги ПЖ №150 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик түзүлүш жана башкаруу системасын андан ары өркүндөтүү жөнүндө." Жарлыгы (24.09.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4595

---

КР Президентинин

2008-жылдын 24-сентябрындагы ПЖ № 342 Жарлыгына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 28-марты №90

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

Кыргыз Республикасында мамлекеттик түзүлүш жана

башкаруу системасын андан ары өркүндөтүү жөнүндө.

Конституциялык реформаны андан ары жүргүзүү, конституциялык

түзүлүштү жана башкарууну еркүндогүү зарылчылыгьш коњүлгө алып,

бул максатка ар кандай саясый күчтөрдүн ыркка көнүшүнүн жана баш

кошуусунун негизинде жетишүүгө умтулуп, өлкө үчүн коомдо

биримдикке жана ынтымакка жетишүү, коомдук-саясый кырдаалдын

rspsjrsskscsm сактоо маанилүү экендигин эске алуу менен токтом

кылам:

1. Мамлекеттик түзүлүш жана башкаруу системасын өркүндөтүү

боюнча бирдиктүү сунушту иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлсүн.

Аталган жумушчу топтун форматы 11 кишиден, анын ичиндс

мамлекет башчысынын, бийликтин мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот

бутактарынын өкүлдөрүнөн болгон бийликтин 5 өкүлүнөн жана

оппозициясынын 6 өкүлүнөн турары аныкталсын.

2. Жумушчу топтун жетекчиси катары бийликтин аткаруу

бутагынан өкүл катары Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

А.Ш.Атамбаев бекитилсин.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине тийиштүү

мамлекеттик органдар жана ар кандай саясый күчтөр менен

жолугугууларды жана кенешүүлөрдү өткөрүү аркылуу 2007-жылдын 5-

апрелине чейин жумушчу топтун жекече курамын түзүү тапшырылсын.

3. Жумушчу топ конституциялык түзүлүпггү жана башкарууну

өркүндөтү боюнча бирдиктүү сунушту иштеп чыксын жана аны 2007-

жылдын 10-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин

кароосуна киргизсин.

4. Жумушчу топ киргизген сунуштар Кыргыз Республикасынын

Президенти тарабынан Кыргыз Рсспубликасынын Жогорку Кенешинин

кароосуна жибериле тургандыгы белгиленсин.

5. Жумушчу топко өз ишине белгиленген тартипте мамлекеттик

органдардын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын, коомдук

жана саясый институттардын адистерин жана эксперттерин тартууга

укук берилсин.

6. Жогоруда аталган жумушчу топтун ишин материалдык жана

башка жактан камсыз кылуу Кыргыз Рссиубликасыиын Өкмөтүнүн

Аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш

башкармасына жүктөлсүн.

7. Бул Жарлыкты аткарылышына контролдук кылууну өзүмө

калтырам.

8. Бул Жарлык кол коюлгаи күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президенти К.Бакиев
