Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ №150 «Кыргыз Республикасында мамлекеттик түзүлүш жана башкаруу системасын андан ары өркүндөтүү жөнүндө.» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 24 сентября 2008 года УП № 342 "О признании утратившим силу Указа Президента Кыргызской Республики "О дальнейшем совершенствовании системы государственного устройства и управления в Кыргызской Республике" от 3 апреля 2007 года"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2008-09-24.
КР Президентинин
2008-жылдын 24-сентябрындагы ПЖ № 342 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 28-марты №90
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Кыргыз Республикасында мамлекеттик түзүлүш жана
башкаруу системасын андан ары өркүндөтүү жөнүндө.
Конституциялык реформаны андан ары жүргүзүү, конституциялык
түзүлүштү жана башкарууну еркүндогүү зарылчылыгьш коњүлгө алып,
бул максатка ар кандай саясый күчтөрдүн ыркка көнүшүнүн жана баш
кошуусунун негизинде жетишүүгө умтулуп, өлкө үчүн коомдо
биримдикке жана ынтымакка жетишүү, коомдук-саясый кырдаалдын
rspsjrsskscsm сактоо маанилүү экендигин эске алуу менен токтом
кылам:
1. Мамлекеттик түзүлүш жана башкаруу системасын өркүндөтүү
боюнча бирдиктүү сунушту иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлсүн.
Аталган жумушчу топтун форматы 11 кишиден, анын ичиндс
мамлекет башчысынын, бийликтин мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот
бутактарынын өкүлдөрүнөн болгон бийликтин 5 өкүлүнөн жана
оппозициясынын 6 өкүлүнөн турары аныкталсын.
2. Жумушчу топтун жетекчиси катары бийликтин аткаруу
бутагынан өкүл катары Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
А.Ш.Атамбаев бекитилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине тийиштүү
мамлекеттик органдар жана ар кандай саясый күчтөр менен
жолугугууларды жана кенешүүлөрдү өткөрүү аркылуу 2007-жылдын 5-
апрелине чейин жумушчу топтун жекече курамын түзүү тапшырылсын.
3. Жумушчу топ конституциялык түзүлүпггү жана башкарууну
өркүндөтү боюнча бирдиктүү сунушту иштеп чыксын жана аны 2007-
жылдын 10-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин
кароосуна киргизсин.
4. Жумушчу топ киргизген сунуштар Кыргыз Республикасынын
Президенти тарабынан Кыргыз Рсспубликасынын Жогорку Кенешинин
кароосуна жибериле тургандыгы белгиленсин.
5. Жумушчу топко өз ишине белгиленген тартипте мамлекеттик
органдардын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын, коомдук
жана саясый институттардын адистерин жана эксперттерин тартууга
укук берилсин.
6. Жогоруда аталган жумушчу топтун ишин материалдык жана
башка жактан камсыз кылуу Кыргыз Рссиубликасыиын Өкмөтүнүн
Аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш
башкармасына жүктөлсүн.
7. Бул Жарлыкты аткарылышына контролдук кылууну өзүмө
калтырам.
8. Бул Жарлык кол коюлгаи күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Президентинин 2008-жылдын 24-сентябрындагы ПЖ № 342 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик түзүлүш жана башкаруу системасын андан ары өркүндөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Указ · 24.09.2008 · № 342
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2007-жылдын 6- апрелиндеги № 169 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 3-апрелиндеги № 150 «Кыргыз Республикасында…Распоряжение · 06.04.2007 · № 169 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-мартындагы №90 "Тамекиге жана алкоголдуу ичимдиктерге акциздик. маркаларды даярдоочуну аныктоо жөнүндө" токтомуПостановление · 28.03.2007 · № 90
- КР Президентинин 2008-жылдын 24-сентябрындагы ПЖ № 342 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик түзүлүш жана башкаруу системасын андан ары өркүндөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Указ · 24.09.2008 · № 342