# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 29-мартындагы №111 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Б.Исабековдун отставка жөнүндө өтүнүчүн кабыл алуу жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 29-мартындагы №111 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Б.Исабековдун отставка жөнүндө өтүнүчүн кабыл алуу жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 111
- Кабыл алынган күнү: 29.03.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.03.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4593>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2185/edition/627943/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4593.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.03.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 29-мартындагы №111 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Б.Исабековдун отставка жөнүндө өтүнүчүн кабыл алуу жөнүндө" Жарлыгы (29.03.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4593

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 29-марты ПЖ № 111

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

А.Б.Исабековдун отставка жөнүндө

өтүнүчүн кабыл алуу жөнүндө

Өлкөдө коомдун ар кандай катмарларынын жана саясый күчтөрдүн Өк-

мөттүн жањы курамын түзүү боюнча күч-аракетин бириктирүү зарылчылыгына

байланыштуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Б Исабековдун от-

ставкасы жөнүндөгү өтүнүчүнө байланыштуу, ошондой эле жарандык коомдун,

саясый партиялардын өкүлдөрүнүн, ушул маселе боюнча Кыргыз Республика-

сынын Жогорку Кењешинин депутаттарынын кайрылуусун көњүлгө алуу менен,

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-статьясынын 1-пунктунун

4-пунктчасын, 72-статьясынын 1-3-пункттарын жана 2007-жылдын 15-янва-

рындагы № 2 "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жањы редакциясы

жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын III бөлүгүнүн 6-пунктун

жетекчиликке алуу менен токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Исабековдун отставка-

сы кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А Б.Исабековдун отстав-

касы кабыл алынгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Премьер-ми-

нистри, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү жана администрациялык

ведомстволордун жана башка аткаруу бийлик органдарынын жетекчилери өз

милдеттерин Өкмөт түзүлгөнгө жана администрациялык ведомстволордун жана

башка аткаруу бийлик органдарынын жетекчилери дайындалганга чейин атка-

рууну уланта беришет.

3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
