Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Б.Исабековдун отставка жөнүндө өтүнүчүн кабыл алуу жөнүндө» Жарлыгы
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 29-марты ПЖ № 111
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
А.Б.Исабековдун отставка жөнүндө
өтүнүчүн кабыл алуу жөнүндө
Өлкөдө коомдун ар кандай катмарларынын жана саясый күчтөрдүн Өк-
мөттүн жањы курамын түзүү боюнча күч-аракетин бириктирүү зарылчылыгына
байланыштуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Б Исабековдун от-
ставкасы жөнүндөгү өтүнүчүнө байланыштуу, ошондой эле жарандык коомдун,
саясый партиялардын өкүлдөрүнүн, ушул маселе боюнча Кыргыз Республика-
сынын Жогорку Кењешинин депутаттарынын кайрылуусун көњүлгө алуу менен,
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-статьясынын 1-пунктунун
4-пунктчасын, 72-статьясынын 1-3-пункттарын жана 2007-жылдын 15-янва-
рындагы № 2 "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жањы редакциясы
жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын III бөлүгүнүн 6-пунктун
жетекчиликке алуу менен токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Исабековдун отставка-
сы кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А Б.Исабековдун отстав-
касы кабыл алынгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Премьер-ми-
нистри, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү жана администрациялык
ведомстволордун жана башка аткаруу бийлик органдарынын жетекчилери өз
милдеттерин Өкмөт түзүлгөнгө жана администрациялык ведомстволордун жана
башка аткаруу бийлик органдарынын жетекчилери дайындалганга чейин атка-
рууну уланта беришет.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндөЗакон · 15.01.2007 · № 2 · Күчүн жоготкон