Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Ислам конференциясы Уюмунун өлкөлөрү менен инвестициялык кызматташтык маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө» Жобо (Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген)
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2007-жылдын 28-мартындагы
№ 109 Жарлыгы менен
бекитилген
Ислам конференциясы Уюмунун өлкөлөрү
менен инвестициялык кызматташтык маселеси
боюнча Кыргыз Республикасынын
Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Ислам конференциясы Уюмунун өлкөлөрү менен инвестициялык кыз-
матташтык маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым
укуктуу өкүлүнүн кызмат орду (мындан ары - ыйгарым укуктуу өкүл) четөл-
көлүк инвесторлорду тартуу, алардын аткаруу бийлик органдары жана Кыр-
гыз Республикасынын аймагындагы ишкер өнөктөр менен өзара мамилелерин
түзүүгө жана координациялоого көмөк көрсөтүү, Ислам конференциясы Уюму-
нун өлкөлөрүнүн, ошондой эле Ислам өнүктүрүү банкынын мүчөлөрүнүн ин-
вестиция чөйрөсүндөгү финансы жана башка уюмдары менен кызматташтыкты
терењдетүү максатында түзүлөт.
2. Ыйгарым укуктуу өкүл Кыргыз Республикасынын Президентинин Жар-
лыгы менен кызматка дайындалат жана бошотулат.
3. Өз ишинде ыйгарым укуктуу өкүл Кыргыз Республикасынын Конститу-
циясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыкта-
рын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук ак-
тыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Ыйгарым укуктуу өкүл түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Прези-
дентине отчет берет жана өз ишин өзалдынча жүргүзөт.
II. Негизги милдеттери
5. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр са-
налат:
- Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарын
өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүчү инвестициялык долбоорлорду илгерилетүүгө
көмөк көрсөтүү жана Ислам конференциясы Уюмунун (ИКУ) өлкөлөрүнөн,
ошондой эле Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) мүчөлөрүнөн тийиштүү анык
инвесторлорду издөө;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча четөлкө-
лүк инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү жана жүр-
гүзүү, алар кызыкчылык көрсөткөн учурда Кыргыз Республикасынын мыйзам-
дарынын талаптарын эске алуу менен инвестициялык долбоорлорду даярдоого
көмөк көрсөтүү;
- инвестициялык долбоорлорду натыйжалуу жүзөгө ашыруу максатында
Кыргыз Республикасынын ишкер өнөктөрү жана мамлекеттик бийлик органдары
менен өзара мамилени түзүүгө четөлкөлүк инвесторлорго көмөк көрсөтүү;
- инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашырууга мониторинг жүргүзүүгө
көмөк көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын экономикасына четөлкөлүк инвестицияларды
тартуу боюнча сунуштарды даярдоо жана Кыргыз Республикасынын Президен-
тине киргизүү;
- өлкөдө инвестициялык кырдаалды жакшыртуу боюнча сунуштарды жана
рекомендацияларды Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна кирги-
зүү;
- четөлкөлүк инвестицияларды тартуу жана пайдалануу жагында мый-
замдык базаны өркүндөтүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Пре-
зидентинин кароосуна киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча өлкөнүн
ичинде, ошондой эле андан сырткары жерде саясый жана ишкер чөйрөлөрдүн
арасында Кыргыз Республикасындагы инвестициялык кырдаалдын маселелери
боюнча мамлекеттин саясатын түшүндүрүү;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча эларалык
уюмдарда, сүйлөшүүлөрдө жана конференцияларда өлкөнүн таламдарын көз-
дөө;
- ИКУ жана ИӨБ өлкөлөрү менен инвестициялык кызматташуу маселеси
боюнча рекомендацияларды иштеп чыгуу жана республиканын аткаруу бийлик
органдарына сунуш кылуу;
- ыйгарым укуктуу өкүлдүн карамагына берилген маселелер боюнча иш-
ти координациялоого жана Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларын
жана тапшырмаларынын аткарылышына контролдукту уюштурууга катышуу:
- ИКУ жана ИӨБ өлкөлөрү менен инвестициялык кызматташтык жагында
мамлекеттин саясатын жүзөгө ашыруу боюнча рекомендацияларды иштеп чыгуу
жана аткаруу бийлик жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына,
чарба жүргүзүүчү субъекттерине сунуш кылуу;
- өлкөнүн ичинде, ошондой эле андан сырткары жерде ИКУ жана ИӨБ
өлкөлөрү жана ишкер чөйрөлөр менен инвестициялык кызматташтыкты колдоо
жана өнүктүрүү жагында мамлекеттик саясатты түшүндүрүү;
- ИКУ жана ИӨБ өлкөлөрү менен жагымдуу инвестициялык климатты тү-
зүүгө багытталган сунуштардын топтомун иштеп чыгуу;
- инвестициялык конференцияларды, пресс-конференцияларды жана "те-
герек столдорду" өткөрүү;
- ИКУ жана ИӨБ өлкөлөрү менен инвестициялык кызматташтыктын таж-
рыйбалары, инновациялар, алга илгерилетүү боюнча материалдарды жерги-
ликтүү жана четөлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарына жайгаштыруу.
III. Негизги укуктары
6. Ыйгарым укуктуу өкүл өзүнүн ыйгарым укуктарынын жана компетен-
циясынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий өкүлү катары чыгуу-
га:
- мамлекеттик органдардан жана республиканын башка уюмдарынан за-
рыл маалыматтарды белгиленген тартипте суратууга жана алууга;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жана башка мамлекеттик органдар-
дын маалыматтар банкынан белгиленген тартипте пайдаланууга;
- мамлекеттик органдар, мекемелер, ошондой эле башка коммерциялык
жана коммерциялык эмес уюмдар жана алардын кызмат адамдары менен кыз-
маттык кат алышууларды жүргүзүүгө;
- мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын, мамлекеттик мекемелер-
дин, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен ма-
кулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн компетенциясына кирген маселе-
лерди чечүүгө катышууга алардын кызматкерлерин жана адистерин, башка
уюмдардын өкүлдөрүн тартууга.
IV. Ишин камсыз кылуу
7. Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн иши коомдук башталышта жүргүзүлөт.
8. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн өзүнүн энчилүү бланкы болот.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 28-мартындагы №109 "Ислам конференциясы Уюмунун өлкөлөрү менен инвестициялык кызматташтык маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын…Указ · 28.03.2007 · № 109 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон