Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын « Кыргыз Республикасынын Президентинин инвестициялык кызматташтык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 4 февраля 2020 года УП № 20 "О признании утратившими силу некоторых указов Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2020-02-04.
КР Президентинин 2020-жылдын 4-февралындагы ПЖ № 20 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 24-февралы № 73
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Кыргыз Республикасынын Президентинин
инвестициялык кызматташтык маселелери боюнча
ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
Чет өлкөлүк инвесторлорду тартуу, алардын Кыргыз Республикасынын
аймагындагы аткаруу бийлик органдары жана ишкер өнөктөр менен өзара ма-
милелерин түзүүгө жана координациялоого көмөктөшүү, инвестиция
чөйрөсүндөгү финансылык жана башка уюмдар менен кызматташтыкты те-
рењдетүү максатында токтом кылам:
1. Коомдук башталыштарда Кыргыз Республикасынын Президентинин ин-
вестициялык кызматташтык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн
кызматы киргизилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин инвестициялык кызматташтык
маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө тиркелген Жобо бекитил-
син.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2007-жылдын 24-февралындагы
№ 73 Жарлыгы менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Президентинин
инвестициялык кызматташтык маселелери боюнча
ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин инвестициялык кызматташтык
маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн (мындан ары - ыйгарым укук-
туу өкүл) кызматы чет өлкөлүк инвесторлорду тартуу, алардын Кыргыз Рес-
публикасынын аймагындагы аткаруу бийлик органдары жана ишкер өнөктөр
менен өзара мамилелерин түзүүгө жана координациялоого көмөктөшүү, ин-
вестиция чөйрөсүндөгү финансылык жана башка уюмдар менен кызматташтыкты
терењдетүү максатында уюштурулат.
2. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн статусу Кыргыз Республикасынын Прези-
дентинин кењешчисинин статусуна тењештирилет.
3. Ыйгарым укуктуу өкүл Кыргыз Республикасынын Президенти тарабы-
нан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
4. Өз ишинде ыйгарым укуктуу өкүл Кыргыз Республикасынын Конститу-
циясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыкта-
рын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук ак-
тыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Ыйгарым укуктуу өкүл түздөнтүз Кыргыз Республикасынын Президен-
тине отчет берет жана өз ишин өзалдынча жүзөгө ашырат.
II. Негизги милдеттер
6. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр са-
налат:
- Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарын
өнүктүрүүгө түрткү болуучу инвестициялык долбоорлорду алга илгери-
летүүгө көмөктөшүү;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча чет
өлкөлүк инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө көмөктөшүү жана
жүргүзүү, алар таламдаш болгон учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамда-
рынын талаптарын эске алуу менен инвестициялык долбоорлорду даярдоого
көмөк көрсөтүү;
- инвестициялык долбоорлорду натыйжалуу турмушка ашыруу үчүн ишкер
өнөктөр жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары менен
өзара мамилелерди түзүүгө көмөктөшүү;
- инвестициялык долбоорлорду турмушка ашыруунун мониторинги боюнча
көмөктөшүү;
- Кыргыз Республикасынын экономикасына чет өлкөлүк инвестицияларды
тартуу боюнча сунуштарды даярдоо жана Кыргыз Республикасынын Президен-
тине сунуш кылуу;
- өлкөдө инвестициялык жагдайды жакшыртуу боюнча сунуштарды Кыргыз
Республикасынын Президентинин кароосуна сунуш кылуу;
- чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу жана пайдалануу жагынан мый-
замдык базаны өркүндөтүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Пре-
зидентинин кароосуна коюу;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшыруусу боюнча өлкөнүн
ичинде, ошондой эле чет өлкөлөрдө саясий жана ишкер чөйрөлөрдүн арасын-
да Кыргыз Республикасындагы инвестициялык жагдайдын маселелери боюнча
мамлекеттин саясатын түшүндүрүү;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшыруусу боюнча эларалык
уюмдарда, сүйлөшүүлөрдө жана конференцияларда өлкөнүн таламдарын бил-
дирүү.
III. Негизги укуктар
7. Ыйгарым укуктуу өкүл өз ыйгарым укуктарынын жана компетенциясы-
нын алкагында төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий өкүлү катары иш алып
барууга;
- республиканын мамлекеттик органдарынан жана башка уюмдарынан за-
рыл маалыматты белгиленген тартипте суратууга жана алууга;
- белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин Адми-
нистрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппара-
тынын, башка мамлекеттик органдардын маалымат банктарын пайдаланууга;
- мамлекеттик органдар, мекемелер, ошондой эле башка коммерциялык
жана коммерциялык эмес уюмдар жана алардын кызмат адамдары менен кыз-
маттык кат алышууну жүргүзүүгө;
- мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын, мамлекеттик мекемелер-
дин, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен ма-
кулдашуу боюнча алардын кызматкерлерин жана адистерин, башка уюмдардын
өкүлдөрүн ыйгарым укуктуу өкүлдүн компетенциясына кирген маселелерди
чечүүгө катышууга тартууга.
IV. Ишин камсыз кылуу
8. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн иши коомдук башталыштарда жүзөгө ашыры-
лат.
9. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн өзүнүн энчилүү бланкы болот.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Президентинин 2020-жылдын 4-февралындагы ПЖ № 20 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 04.02.2020 · № 20
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон