# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 24-февралындагы №72 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялык кеңеш жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 24-февралындагы №72 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялык кеңеш жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 24.02.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.09.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4581>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2174/edition/627908/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4581.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.09.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 24-февралындагы №72 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялык кеңеш жөнүндө" жарлыгы (25.09.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4581

---

КР Президентинин 2013-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ N 193 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2007-жылдын 24-февралы № 72

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялык кењеш жөнүндө

Бизнес-чөйрөнү жана инвестициялык кырдаалды жакшыртуу маселеси бо- юнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык жактан андан ары өнүктүрүү үчүн инвестицияларды тартуу, бул чөйрөдө мамлекеттик органдардын натыйжалуу өзара аракетте- нишин камсыз кылуу максатында токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялык

кењеш түзүлсүн жана ал жөнүндө Жобо бекитилсин.

2. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-

публикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин биринчи орунбасарына - уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн башчысына жүктөлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин төмөнкү Жарлыктары күчүн

жоготту деп табылсын:

- 2001-жылдын 22-августундагы № 254 "Четөлкөлүк инвестицияларды

тартуу жана пайдалануу боюнча ишти андан ары өркүндөтүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө";

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 27-июлундагы №

242 "2001-жылдын 22-августундагы "Четөлкөлүк инвестицияларды тартуу жа- на пайдалануу боюнча ишти андан ары өркүндөтүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу".

4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
