Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ленин айылдык кеңешинин «Стеан участкасынан ижарага берилген 3 га жер жөнүндө» токтому
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ленин айылдык Кеңешинин кезексиз VIII сессиясы
2021-жылдын 23-декабры № 7 Стеан участкасынан ижарага берилген 3 га жер жөнүндө Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кеңешинин төрагасы Жылчымышев З. билдирүү жасады. Кыргыз Республикасынын жер кодексине ылайык, асылдуулугу төмөн жана аларды мелиоративтик жактан жакшыртууга көп чыгымдарды талап кылуучу, кыртышы начар айыл чарба жери саналат ошондуктан, Ленин айыл өкмөтүнүн Степан участогундагы, сайдын боюндагы асылдуулугу төмөн жана бал бонитети төмөн таштуу 3,0 га жер тилкесине, Кыргызмамжердолборлоо институтуна караштуу караштуу Жалал-Абад областтык жерге жайгаштыруу экспедициясынын жер тилкесинин категориясы көрсөтүлгөн тактамасына жана түштүк аймактык топурак агрохимиялык станциясынын корутундусуна, Ленин айыл өкмөтүнүн ижарага алып иштетип жүргөн Темиров Э. 3 га. жер тилкесине байланыштуу талаш маселелериндин алдын алуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-июнундагы №306 токтому менен бекитилген асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүүнүн тартиби жөнүндө жобонун негизинде Ленин айылдык Кеңешинин кезексиз VIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл өкмөтүнүн Степан участкасындагы Темиров Элнур ижарага алган 3 га жеринин ижара келишими бүткөндөй кийин, сайдын боюндагы асылдуулугу жана бал бонитети төмөн таштуу 3,0 га жер тилкесине Кыргызмамжердолборлоо институтуна караштуу Жалал-Абад областтык жерге жайгаштыруу экспедициясынын жер тилкесинин категориясы көрсөтүлгөн тактамасына жана түштүк аймактык топурак агрохимиялык станциясынын корутундусуна, Ленин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү комиссиясынын сунушунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-июнундагы №306 токтому менен бекитилген асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүүнүн тартиби жөнүндө жобонун негизинде Темиров Элнур Мэлисбековичке өздөштүрүүгө, мөөнөттү көрсөтүлбөгөн келишим түзүлсүн.
2. Жогорудагы токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Ленин айыл өкмөтүнүн Степан участкасындагы сайдын боюндагы асылдуулугу жана бал бонитети төмөн таштуу 3,0 га жер тилкесин өздөштүрүү боюнча жумуштарды ыраты менен жүргүзүү (техникалык жана биялогиялык иштетүү) Темиров Элнур Мэлисбековичке милдеттендирилсин.
3. Ленин айыл өкмөтүнүн Степан участкасындагы сайдын боюндагы асылдуулугу жана бал бонитети төмөн таштуу 3,0 га жер тилкесин өздөштүрүү боюнча “Кыргызмамжердолборлоо жерге жайгаштыруу мамлекеттик долборлоо институту” мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад жерге жайгаштыруу экспедициясынан долбордук-сметалык документин даярдап берүү жагы суралсын.
4. Ленин айыл өкмөтүнүн Степан участкасындагы сайдын боюндагы асылдуулугу жана бал бонитети төмөн таштуу 3,0 га жер тилкесине Темиров Элнур Мэлисбекович менен түзүлгөн келишимди каттоо, жер участогун убактылуу пайдалануу укугуна күбөлүк берүү жагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сузак филиалынан суралсын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Ленин айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Ленин айылдык Кенешинин төрагасы:
Ш. Жылчымышев З
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.