# Ленин айылдык кеңешинин 2021-жылдын 23-декабрындагы № 1 "Ленин айыл аймагынын муниципалдык менчик объекттеринин жана бош жаткан жерлерин реестрин жана классификациясын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ленин айылдык кеңешинин 2021-жылдын 23-декабрындагы № 1 "Ленин айыл аймагынын муниципалдык менчик объекттеринин жана бош жаткан жерлерин реестрин жана классификациясын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 23.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/458083>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-66381/edition/1164015/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ленин айылдык кеңешинин 2021-жылдын 23-декабрындагы № 1 "Ленин айыл аймагынын муниципалдык менчик объекттеринин жана бош жаткан жерлерин реестрин жана классификациясын бекитүү жөнүндө" токтому (01.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/458083

---

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ленин айылдык Кеңешинин кезексиз VIII сессиясы

2021-жылдын 23-декабры № 1 Ленин айыл аймагынын муниципалдык менчик объекттеринин жана бош жаткан жерлерин реестрин жана классификациясын бекитүү жөнүндө Күн тартибиндеги маселе боюнча Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Мурзаканов Чолпонбек билдирүү жасады. Ленин айыл аймагынын муниципалдык менчик объекттеринин жана бош жаткан жерлерин натыйжалуу башкаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдагы 11-ноябрындагы №531 токтомунун негизинде 2002-жылдагы жалпы системалык каттоонун негизинде, Ленин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик жерлерди тактоо актыларынын негизинде Ленин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу экенин билдирди. Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин кезексиз VIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ленин айыл аймагынын муниципалдык менчик объекттери жана бош жаткан жерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдагы 11-ноябрындагы №531 токтомунун негизинде жана 2002-жылдагы жалпы системалык каттоонун негизинде, Ленин айыл өкмөтүнүн тактоо актыларынын негизинде Ленин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик реестрине киргизилсин.

2. Ленин айыл аймагынын муниципалдык менчик объекттери жана бош жаткан жерлерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдагы 11-ноябрындагы №531 токтомунун негизинде жана 2002-жылдагы жалпы системалык каттоонун негизинде, Ленин айыл өкмөтүнүн тактоо актыларынын негизинде муниципалдык менчикке кабыл алынган муниципалдык менчик объектери жана бош жаткан жерлерин функционалдык багытына жараша төмөңдөгү 3 группага бөлүнүп классификациясы бекитилсин:

А-группасы – Негизги объектилер; Б-группасы – Кошумча объектилер, бош жаткан жерлер; В-группасы – Ашык обектилер, бош жаткан жерлер.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Ленин айылдык кеңешинин төрагасы:

Ш. Жылчымышев З
