# Кыргыз Республикасынын "Кайрымдуулук үчүн" жана "Эмгек ардагери" медалдарынын үлгүлөрүн жана сүрөттөлүшүн тандоо боюнча конкурс жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 5-февралындагы № 25 Жарлыгы менен бекитилген)

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын "Кайрымдуулук үчүн" жана "Эмгек ардагери" медалдарынын үлгүлөрүн жана сүрөттөлүшүн тандоо боюнча конкурс жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 5-февралындагы № 25 Жарлыгы менен бекитилген)
- Актынын түрү: Положение
- Номери: 25
- Кабыл алынган күнү: 05.02.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.02.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4577>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/46-141/edition/288525/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4577.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.02.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын "Кайрымдуулук үчүн" жана "Эмгек ардагери" медалдарынын үлгүлөрүн жана сүрөттөлүшүн тандоо боюнча конкурс жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 5-февралындагы № 25 Жарлыгы менен бекитилген) (05.02.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4577

---

Кыргыз Республикасынын Президентинин

2007-жылдын 5-февралындагы

№ 25 Жарлыгынын

№ 2 тиркемеси

Кыргыз Республикасынын "Кайрымдуулук үчүн" жана

"Эмгек ардагери" медалдарынын үлгүлөрүн жана

сүрөттөлүшүн тандоо боюнча конкурс жөнүндө

ЖОБО

Конкурска Кыргыз Республикасынын бардык каалаган жарандары - ге-

ральдика боюнча адистер, сүрөтчү-дизайнерлер катыша алат.

Кыргыз Республикасынын "Кайрымдуулук үчүн" жана "Эмгек ардагери"

медалдарынын үлгүлөрүн иштеп чыгууда мамлекеттик, улуттук символиканын

жана оюу-чиймелердин элементтери, дүйнөлүк геральдика маданиятынын мык-

ты жетишкендиктери пайдаланылганы алгылыктуу.

Сыйлык белгилердин өндүрүү технологиясын, эритмелерди, асыл таш-

тарды жана башка материалдарды сөзсүз эсепке алуу үлгүлөрдү иштеп чы-

гуунун милдеттүү шарты болуп саналат.

Белгилерди ар кандай мүмкүн болуучу жасалма жасоодон коргоо чара-

лары көрүлүүгө тийиш.

Алтын жана асыл таштар "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эњ жогорку

артыкчылык даражасы жана Кыргыз Республикасынын "Манас" ордени үчүн га-

на колдонула тургандыгын белгилей кетүү керек.

Баалуу жана түстүү металлдардан (жез, коло, томпак, латунь, мель-

хиор) башка түстүү ысык эмаль (колдонуу ыкмасы - чуњкурлуу, кырдуу тос-

молуу жана жылма) колдонулушу мүмкүн.

Долбоорлордун технологиялык сүрөттөлүшүн түзүүдө колдонулуучу ма-

териалдарды, ал эми техникалык чиймелерде бардык өлчөмдөр 1:1 масшта-

бында миллиметр менен (узундугу, жазылыгы, бийиктиги, диаметри жана ке-

силиши), башкача айтканда, белгинин натуралык чоњдугу көрсөтүлүүгө тий-

иш. Белгинин ариптик текстинин тамгаларынын көрсөтүлүшү да алгылыктуу

(алар рельеф жана контррельеф, башкача айтканда, томпок же чуњкур тү-

рүндө аткарылат.

Үлгүлөрдүн долбоорлорунун түстөрүнүн чечилишинде ар бир түстүн ор-

тосун бөлүп туруучу чийиндер түстүү ысык эмалды пайдаланууда колдонул-

ган баалуу же түстүү металлдардын түстөрүнө негизденүү менен көрсөтүү

зарыл, алардын жок болушу түстүү көркөм сүрөттүк чечилиштерге жана бел-

гини технологиялык жактан жасоого терс таасирин тийгизет.

Иштелип чыгып жаткан бардык үлгүлөрдө тагып жүрүү үчүн бекитүү ык-

малары (ар кандай түрдөгү төөнөгүчтөр, сайы бар бурамалуу бекиткичтер,

декорациялык чынжырчалар ж.б.) колдонуу каралган.

Эгерде, иштелип чыккан белги бир нече бөлүктөрдөн, башкача айткан-

да. тактача жана илгичтен турса, анда техникалык чиймеде бириктирүүчү

звенолордун өлчөмү жана профили көрсөтүлүүгө тийиш.

Өндүрүшкө кабыл алынган Кыргыз Республикасынын жањы медалдарынын

долбоорлору түзүүчүлөргө кийин белгилерди өнөржайлык нускалоодо сыйлык

акы төлөп бербестен, автордук укуктарын сактап калуу менен республика-

нын менчиги болуп калат.

Сунуш кылынган үлгүлөрдүн жана сүрөттөлүштүн долбоорлору ушул Жар-

лык жарыяланган күндөн баштап бир айдын ичинде кабыл алынат.
