# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 11-январындагы № 4 "Кыргыз Республикасынын радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын курамы жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 11-январындагы № 4 "Кыргыз Республикасынын радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын курамы жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 11.01.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.01.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4571>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2166/edition/627880/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4571.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.01.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 11-январындагы № 4 "Кыргыз Республикасынын радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын курамы жөнүндө" Жарлыгы (11.01.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4571

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 11-январы ПЖ № 4

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

Кыргыз Республикасынын радиожыштыктар боюнча

мамлекеттик комиссиясынын курамы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссия-

сынын ишин туруктуу негизде кайра баштоо максатында токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттигинин директору

Кыдыралиев Кубат Сатаркуловичке Кыргыз Республикасынын радиожыштыктар

боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасынын милдеттери жүктөлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комис-

сиясынын тиркелген курамы (тиркелет) бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун

2005-жылдын 26-апрелиндеги № 138 "Кыргыз Республикасынын радиожыштыктар

боюнча мамлекеттик, комиссиясынын курамы жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту

деп табылсын.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев

Кыргыз Республикасынын Президентинин

2006-жылдын 11-январындагы

№ 4 Жарлыгы менен

бекитилген

Кыргыз Республикасынын радиожыштыктар

боюнча мамлекеттик комиссиясынын

КУРАМЫ

Кыдыралиев Кубат - Кыргыз Республикасынын радиожыштыктар бо-

Сатаркулович юнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын - комиссиясынын жооптуу катчысы (макулдашуу

Улуттук байланыш боюнча).

агенттигинин өкүлү

Комиссиянын мүчөсү:

- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлү (ма-

кулдашуу боюнча);

- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин өкүлү (макулдашуу

боюнча);

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги (макулдашуу боюн-

ча);

- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрли-

гинин өкүлү (макулдашуу боюнча);

- Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү

(макулдашуу боюнча).
