# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 22-январындагы №11 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралу" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 22-январындагы №11 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 11
- Кабыл алынган күнү: 22.01.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.06.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4570>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2165/edition/627883/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4570.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.06.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 22-январындагы №11 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралу" Жарлыгы (19.06.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4570

---

Кыргыз Республикасынын Президентинин

2008-жылдын 19-июнундагы ПЖ № 223 Жарлыгына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 22-январы №11

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын

түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын

Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы

Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралу

Кыргыз Республикасынын Миграция жана иш менен камсыз

кылуу боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Иммиграциялык

фонддун милдеттерин жана функцияларын кењейтүүнүн

зарылчылыгына байланыштуу токтом кылам:

1. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын

түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын

Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы № 607 Жарлыгына

төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- аталган Жарлыктын «Кыргыз Республикасынын

министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана

администрациялык ведомстволорунун, башка аткаруу

органдарынын мамлекеттик кызматчыларынын санынын чеги» № 1

тиркемесинин 12-пунктундагы «Иммиграциялык фонд деген сөздөр

«Миграциялык фонд» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мурда кабыл алган

чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын

уюштуруу иштери жана мамлекеттик башкаруу бөлүмүнө

жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президенти К.Бакиев
