Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын концепциясы (Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 11 марта 2019 года УП № 37 "О Концепции внешней политики Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2019-03-11.
КР Президентинин 2019-жылдын 11-мартындагы ПЖ № 37 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2007-жылдын 10-январындагы
№ 2 Жарлыгы менен бекитилген
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ТЫШКЫ САЯСАТЫНЫН КОНЦЕПЦИЯСЫ
Кыргыз Республикасынын Тышкы саясатынын концепциясы (мындан ары-
Концепция) Кыргызстандын тышкы саясатынын иш-аракеттеринин мазмунуна
жана негизги артыкчылыктарына, жањы шарттарда аны ишке ашыруунун
ыкмаларына болгон көз караштардын системасын чагылдырган негиз түзүүчү
саясий документ болуп саналат.
Бул Концепцияны кабыл алуу 2005-жылдын 24-мартындагы революциялык
окуялардан кийин өлкөнүн ичинде болуп жаткан кайра түзүүлөрдү
ылдамдатуунун максатка ылайыктуулугу, эларалык жана интеграциялык
тенденциялардын динамикасы, жалпы дүйнөлүк процесстердин глобалдашуусу
жана региондошуусу, ошондой эле өнүгүүдө жана коркунучтарга каршы
аракеттенүүдө жањы адекваттуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө зарылчылыгы менен
шартталган.
Республикада болуп өткөн өзгөрүүлөр бардык тараптардын:
мамлекеттин, анын бардык дењгээлдердеги башкаруу органдарынын,
жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, ишкерлердин, жарандык
коомдун кызыкчылыктарын жана жоопкерчилигин чагылдырган тышкы саясатты
натыйжалуу ишке ашырууда алардын максималдуу салымын камсыз кылууга
көмөктөшө турган тышкы саясатты түзүү зарылчылыгына алып келди.
Мамлекеттик ишмердүүлүктүн бул жаатында прагматизм маанилүү элемент
болуп саналат жана ал биринчи кезекте мамлекеттин туруктуу өнүктүрүү
максатына жетүү милдеттерин чечүүгө багытталууга тийиш.
Концепциянын негизи катары региондук позицияларды чыњдоо, эларалык
аренада атаандаштыкка жарамдуулукту жогорулатуу, республиканын
жагымдуу имиджин бекемдөө, Кыргызстанды позитивдүү реформалар жолунда
бара жаткан өлкө катары эларалык таанытуу зарылчылыктары таанылууда.
Концепция төмөнкү негизги артыкчылыктарды баса белгилейт:
1. улуттук коопсуздукту тышкы саясий ыкмалар менен чыњдоо;
2. улуттук өнүктүрүү артыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн жагымдуу
тышкы шарттарды түзүү;
3. Кыргызстандын эларалык оњ имиджин бекемдөө;
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги башында турган
тышкы саясий ишмердүүлүктү жүргүзүүнүн натыйжалуу системасын башка
кызыкдар ведомстволор жана жарандык коом институттары менен өнөктөшүү
аркылуу түзүү.
1. Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын мейкиндиги
Кыргыз Республикасы өзүнүн эларалык багытын курчап турган
дүйнөдөгү өзгөрүүлөргө жана тенденцияларга карата, ошондой эле
дүйнөлүк процесстердеги өзүнүн потенциалына жана ролуна таянып
жүргүзөт. Ошол эле мезгилде кызматташуунун бардык форматтарында мурда
жетишилген макулдашууларды жана милдеттенмелерди сактоого даяр болуу
жаатында Кыргыз Республикасынын образы ага карата болгон ишенимдүүлүк
жана стабилдүүлүк менен ассоциацияланышы керек.
Тышкы саясий активдүүлүк региондук, континенттик жана глобалдык өз
ара аракеттенүү чөйрөлөрүндө камтылган.
1. Региондук
Казакстан Республикасы, Кытай Эл Республикасы, Тажикстан
Республикасы жана Өзбекстан Республикасы менен болгон жалпы чегаралар
өз ара тыгыз саясий, социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык
байланыштарды тарыхый шарттаган. Эгемендүүлүктү, аймактык бүтүндүктү
жана жалпы коопсуздукту урматтоо принциптеринин негизинде достук
чөйрөнү түзүү жана ынак коњшулукту чыњдоо Кыргызстандын тышкы саясий
ишмердүүлүгүндө өзгөчө мааниге ээ.
Республика интеграция идеясына берилген, достук чөйрөнү түзүү жана
салтка айланган ынак коњшулукту чыњдоо коњшулаш мамлекеттерге карата
Кыргызстандын тышкы саясий ишмердүүлүгүндө өзгөчө маанилүү мүнөзгө ээ.
Региондогу мамлекеттердин тобу Жамааттык коопсуздук Келишим уюмунун,
Евразиялык экономикалык коомдоштуктун жана Шанхай кызматташтык уюмунун
алкагындагы олуттуу түзүмчө катары каралып келет.
Кыргызстандын тышкы саясий ресурстары мамлекет үчүн эњ маанилүү
тармактарда топтолгон. Кыргызстан коњшулаш бир тууган республикалар
менен тыгыз бирдикте учурдагы күндөн-күнгө тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө
пайда болгон глобалдык кыйналыштарга каршы туруп, биринчи кезекте
Россия Федерациясы жана коњшулаш өлкөлөр менен өнөктөшүү аркылуу
региондогу жамааттык коопсуздукту камсыз кылууга өзгөчө маани берип
келет.
Казакстан Республикасы, Өзбекстан Республикасы жана Тажикстан
Республикасы менен болгон мамилелерде түзүлгөн келишим-укуктук
мейкиндик алар менен кызматташуунун позитивдүү негизин калыптаган.
Динамикалык түрдө өнүгүп жаткан Казакстан менен ишенимдүүлүктү
терењдетүү Кыргызстандын региондогу позицияларын өнүктүрүү жана чыњдоо
үчүн маанилүү шарт болуп саналат.
Кыргызстандын Кытай Эл Республикасы менен коњшу болушу өнүгүүнүн
зњ пайдалуу тармактарында кењири көлөмдө кызматташуу, транспорттук
инфраструктураны көп түрлөштүрүү жана жањыртуу жана тышкы дүйнөдөн
обочолонууну жењүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүп келет. Ири
демографиялык массага, олуггуу саясий, аскердик жана зкономикалык
потенциалга ээ болгон Кытайдын региондогу таасири жетишээрлик.
Борбордук Евразия динамикалык түрдө өнүгүп жаткан борборлор:
Европалык Союз жана Түштүк-Чыгыш Азиянын ортосундагы
трансконтиненталдык кызматташуунун байланыштыруучу көпүрөсү катары
карапууда.
2. Континенттик (Евразиялык)
Кыргызстандын тышкы саясаты континенттин негизги эларалык саясий
борборлору болушкан Россия Федерациясы, Кытай Эл Республикасы, Америка
Кошмо Штаттары, Европалык Союз, Германия Федеративдүү Республикасы,
Япония, Индия Республикасы жана Түркия Республикасы менен болгон көп
пландуу жана өз ара пайдалуу кызматташуунун структурасындагы ишеним
чараларын иштеп чыгууга багытталган.
Россия Федерациясы менен кызматташуу стратегиялык өнөктөштүктү
чыњдоого багытталган жана республиканы тынч жана келечектүү
өнүктүрүүнүн жана аскердик-саясий өзара аракеттенүүдө, экономикалык,
энергетикалык, транспорттук-коммуникациялык жана социалдык тармактарда
Кыргызстандын узак мөөнөттүү кызыкчылыктарын ишке ашыруунун маанилүү
шарттарынын бири катары каралууда. Россия Федерациясынын эларалык
аренадагы зор аброю, анын прагматикалык жана принципиалдуу тышкы
саясаты тышкы саясий багыттагы өзара аракеттенүү тармагындагы олуттуу
негиз болуп эсептелет, бул коопсуздукту жана саясий өнөктөштүктү
камсыз кылуу тармагындагы эки тараптуу кызматташууну жањы дењгээлге
көтөрүүнү шарттайт.
Кыргызстан эларалык терроризмге каршы күрөшүүдө Америка Кошмо
Штаттары менен активдүү кызматташууну улантууга, ошондой эле аны менен
соода-экономикалык жана аскердик-техникалык кызматташууну кењейтүүгө
ниеттенет.
Европалык Союз, өзгөчө алдыњкы өнөктөш жана донор болуп саналган
Германия Федеративдүү Республикасы менен болгон карым-катнаштарды
алдыга карай жылдыруу өлкөнүн тышкы саясатынын пайдалуу багыттарынын
бири болуп кала бермекчи.
Япониянын региондук иштердеги өсүп бара жаткан активдүүлүгү аны
республиканын эњ таасирдүү өнөктөштөрүнүн катарына кошту.
Кыргызстан Жамааттык коопсуздук Келишим уюму, Көз карандысыз
мамлекеттер шериктештиги, Евразиялык экономикалык коомдоштук, Шанхай
кызматташтык уюму. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму,
Экономикалык кызматташтык уюму жана Ислам конференция уюму сыяктуу
аброю зор эларалык жана региондук уюмдардын алкагында активдүү өзара
аракеттенет.
Кыргызстан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине кирген
өлкөлөр менен бирдиктүү гуманитардык, илимий-техникалык жана окутуу-
маданий мейкиндикти көбөйтүүгө кызыкдар.
Кыргызстандын коопсуздук потенциалын жогорулатуу милдеттери анын
Жаматтык коопсуздук Келишим уюмунда жана Шанхай кызматташтык уюмунда
катышуусун активдештирүүнү аныктайт.
Евразиялык экономикалык коомдоштуктун алкагында интеграциялык
процесстерди өнүктүрүү маанилүү ролду ойнойт.
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюм менен өзара
аракеттенүү коопсуздукту камсыз кылуу, экологиялык көйгөйлөрдү чечүү
жана туруктуу экономикалык өнүктүрүү, максаттуу программалардын жана
долбоорлордун алкагында адам укуктарын, демократияны сактоо
тармактарында ишке ашырылат.
3. Глобалдык
Глобалдашуу шарттарында алдыњкы эларалык уюмдар жана лидер-өлкөлөр
күндөн-күнгө зор мааниге ээ болуп келет. Кыргызстандын тышкы саясаты
эларалык коомчулуктагы ишенимди чыњдоого жана глобалдашуу
мүмкүнчүлүктөрүн максималдуу пайдаланууга багытталган.
Глобалдык тынчтыкты жана эларалык коопсуздук көйгөйлөрүн чечүүнүн
негизги инструменти болуп Бириккен улуттар уюмунун жамааттык эрки
эсептелет. Уюмдун бириктирүүчү ролун күчөтүү, анын ишмердү-үлүтүн 21-
кылымдын талаптарына ылайыкташтыруу максатында Кыргыз Республикасы
Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын негизги принциптерин кыйшаюсуз
сактоо менен анын системасын, анын ичинде Коопсуздук кењешин
реформалоо идеясын колдойт.
Бириккен Улуттар Уюмунун алкагындагы өзүнүн тышкы саясатынын
негизги артыкчылыктары катары Кыргызстан куралсыздандыруу жана
массалык жок кылуу куралын жайылтпоо режимин күчөтүү чөйрөсүн,
региондогу ядролук куралдан эркин зонаны, терроризмди, бањги трафигин,
адамдарды сатууга каршы күрөшүүнү жана тынчтыкты колдоо боюнча
операцияларда катышууну, туруктуу өнүктүрүү тажрыйбасына кошулууну
эсептейт.
Кыргызстандын "21-кылымдын күн тартибинде", "Мињ жылдыктын
Декларациясында" белгиленген мүмкүнчүлүктөрдү, Бириккен Улуттар
Уюмунун "Эларалык тоо өнөктөштүгү" жана башка программаларын
натыйжалуу пайдаланышы тышкы карызды азайтуу жолдорун табууга жана
экономикалык өнүктүрүү жана экологиялык коопсуздук көйгөйлөрүн чечүүгө
көмөктөшөт.
Кыргызстан "Чоњ сегиздин" мамлекеттери менен жакындашууга жана эки
тараптуу жана көп тараптуу экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга
катышууга багыт алууну улантат.
Кыргызстандын натыйжалуу өнүгүшүн камсыз кылуу Эларалык валюта
фондусу, Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Европалык
реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Ислам өнүктүрүү банкы сыяктуу
эларалык жана региондук финансылык институттар менен кызматташууга
карата ургалдуу багытты алуу зарылчылыгы менен шартталган.
Кыргызстан улуттар аралык корпорацияларда жана эларалык өкмөттүк
эмес уюмдарда каралган мүмкүнчүлүктөргө зор маани берет.
Дүйнөдөгү глобалдашуу жана региондошуу процесстери эгемендүүлүк
жана мамлекеттүүлүк атрибуттарынын эсебинен өнүктүрүү жана коопсуздук
артыкчылыктарын күчөтүүгө объективдүү алып келет.
II. Кыргызстандын тышкы саясатынын принциптери
Кыргызстан өзүнүн тышкы саясатын Кыргыз Республикасынын
Конституциясына, эларалык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана
ченемдерине ылайык ишке ашырат. Кыргыз Республикасынын эларалык
келишимдери анын мыйзамдарынын бир бөлүгү болуп саналат.
Ички континенттик жайгашуусу, терроризмдин, диний экстремизмдин
жана региондогу чыњалуунун учурда сакталган потенциалдуу очоктору,
ошондой эле энергоресурстардын тышкы булактарынан көз карандуулуктун
жогорку дењгээли Кыргызстандын чабалдыгын жана мындан келип чыккан
тышкы саясий көйгөйлөрдүн бир түркөй эместигин тастыктайт.
Кыргызстан өнүгүп келе жаткан өлкө катары өз өнүгүүсүнүн өткөөл
стадиясында болуп турган кезеги. Саясий жигердүү борборлорунун
Кыргызстандан алыс жайгашышы жана ички изоляция тышкы саясий
милдеттерди чечүүгө кошумча ресурстарды тартуу зарылчылыгын шарттайт.
Кыргызстан тышкы саясатты жүргүзүүдө улуттук кызыкчылыктарды
биринчи орунга коёт. Ошону менен бирге ыйгарым укуктардын бир бөлүгү
түшүнүү менен тандалып алынган интеграциялык процесстин алкагындагы
улут үстүндөгү органдарга өткөрүлүп берилиши ыктымал.
Негизги көйгөйлөрдү жамаатташып чечүү механизмине жана укуктун
үстөмдүгүнө негизделген дүйнөлүк жањы тартипти түзүүдө Кыргызстан
тышкы саясий артыкчылыктарды "монополиядан чыгарууга", өнөктөштөр
менен байланыштарды көп түрлөштүрүүгө, глобалдык саясий лидер
өлкөлөрдөн бирдей алыстоого же бирдей жакындоого умтулат.
Артыкчылыктуу эларалык уюмдарда толук дењгээлде катышууга умтулуу
менен Кыргыз Республикасы реалдуу ички ресурстарды жана
мүмкүнчүлүктөрдү эске алып, тышкы ресурстардын (жарандык коом, башка
өлкөлөрдүн мүмкүнчүлүктөрү, улуттар аралык корпорациялар, өкмөттүк
эмес уюмдар, жалпыга маалымдоо каражаттары ж. б.) потенциалын
пайдаланып, көп векторлуу, балансталган жана прагматикалык тышкы
саясатты жүргүзөт жана Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын дүйнөлүк
жана региондук коомчулуктардын кызыкчылыктарынын бир бөлүгүнө
чыгарууга аракеттенет.
III. Тышкы саясаттагы артыкчылыктар
1. Улуттук коопсуздук
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугу жалањ гана күч
ведомстволору тарабынан камсыз кылынбайт. Жањы пайда болуп жаткан
глобалдык чакырыктарга биргелешип каршы туруу зарылчылыгы бар болгон
учурдагы шарттарда эњ негизги милдет болуп Кыргыз Республикасынын
коопсуздугун камсыз кылуу боюнча дипломатиялык аракеттерди активдүү
көрүү эсептелет.
Бул процесстеги эњ негизги түзүмчө болуп Казакстан Республикасы,
Өзбекстан Республикасы жана Тажикстан Республикасы менен болгон
мамлекеттик чегараны делимиттөөнү жана демаркациялоону юридикалык
жактан тариздөөнү аяктоо саналат.
Кыргыз Республикасы өзара түшүнүшүүнүн жана өзара пайдалуу
кызматташуунун негизинде региондун өлкөлөрү менен достук мамилелерди
колдоого жана өнүктүрүүгө умтулат. Россия Федерациясы, региондогу жана
өлкөдөгү коопсуздугу аныктаган Жамааттык коопсуздук Келишим уюму жана
Шанхай кызматташтык уюму менен кызмаггашуу илгери карай экономикалык
өнүгүүтө, континенттик жана дүйнөлүк инфраструктурага биргелешүүгө
дагы багытталууга тийиш.
Россия Федерациясынын жана Америка Кошмо Штаттарынын аскердик
базаларынын өлкөнүн аймагында жайгашуусу уникалдуу геостратегиялык
мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Бул жагдай республиканын тышкы саясат
системасынын алдына өзгөчө жоопкерчиликти коёт.
Кыргызстан өзүнүн өнүгүүсүн жана коопсуздугун камсыз кылуунун
олуттуу мүмкүнчүлүктөрүн Антитеррордук коалиция өлкөлөрү менен
кызматташууну чыњдоодо жана кењейтүүдө көрөт.
Евразиялык мейкиндиктин алкагындагы бирлешүү коопсуздукту жана
экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу боюнча айрым-бир ыйгарым укуктарды
улут үстүндөгү структураларга өткөрүп берүүнү шарттайт.
2. Улуттук өнүктүрүү артыкчылыктарын камсыз кылуу
Тышкы экономикалык ишмердүүлүк субъекттеринин иш-аракеттери үчүн
жагымдуу эларалык-укуктук базаны түзүү, алардын таламдарын коргоо жана
экспортту кењейтүүгө көмөктөшүү, ошондой эле эларалык стандарттарга
ылайык экономикалык жана инвестициялык шарттарды түзүү тышкы
экономикалык саясаттын негиздеринин бири болуп саналат.
Чет элдик инвестицияларды тартууга, Кыргыз Республикасынын
региондук жана дүйнөлүк экономикалык байланыштарга бирлешүүсүнө
көмөктөшүү, ошондой эле улуттук коопсуздукту камсыз кылуу тышкы
саясаттын эњ негизги багыттарынын бири болуп саналат.
Региондо, Евразиялык экономикалык коомдоштукта, Шанхай
кызматташтык уюмунда жана Экономикалык кызматташтык уюмунда
товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумуш күчүнүн
жалпы рыногун акырындык менен түзүү Кыргызстандын узак мөөнөттүү
кызыкчылыктарына жооп берет.
Кыргыз Республикасы Бириккен Улуттар Уюмунун мүчө-мамлекеттеринин
Экономикалык укуктар жана милдеттер хартиясында каралган негизги
эларалык экономикалык кызматташуу принциптерин, башка жалпы таанылган
эларалык укук ченемдерин карманат, дүйнөлүк жана региондук валюта
системаларына активдүү кошулууга умтулат.
Тышкы карыз, аны реструктуризациялоо, голугу менен же жарым-
жартылай жоюп таштоо көйгөйлөрү республиканын эларалык активдүүлүгүндө
зор мааниге ээ. Тышкы карызды туруктуу өнүктүрүүгө алмаштыруу
механизми тышкы карызды азайтуунун таасирдүү инструменттеринин бири
болуп эсептелет.
Тышкы экономикалык ишмердүүлүк программалары жана долбоорлору
өлкөн m коопсуздугуна зыян келтирбеши керек.
Кыргызстан глобалдык жана региондук Батыш-Чыгыш, Түндүк-Түштүк
агымдарындагы Евразиянын аба карго - терминалы жана товарлардын
экспорт, реэкспорт борбору катары транзиттик потенциалды өнүктүрөт,
эларалык рейтингдерде рынок экономикасы бар "эркин өлкө" статусун
алууга умтулат.
Ички континенттик изоляцияны жењүү үчүн сооданы өнүктүрүү жана
Интернет аркылуу тейлөөнү көрсөтүү маанилүү.
Бүткүл дүйнөлүк соода уюмундагы мүчөлүк улуттук кызыкчылыктарды
ишке ашыруунун маанилүү потенциалы жана механизми болуп саналат.
Кыргызстан өзүн бүткүл регион үчүн туристтик жана рекреациялык-
жагымдуу өлкө катары алдыга карай жылдырат жана тез өнүгүүгө жана
телекоммуникацияларды пайдаланууга зор маани берет. Кыргызстан элинин
бай маданий мурасы туризмди өнүктүрүүгө, туризм чөйрөсүнө
инвестицияларды тартуу процессине жигердүү кошулушу керек.
Кыргызстандын борбору - Бишкек шаары эларалык банктар жана финансы
борборлорунун бири катары өнүгүүдө.
Учурдагыдан дагы дифференцирленген жана жагымдуураак визалык жана
миграциялык саясатка жетишүү маанилүү тышкы саясий резерв болуп
саналат. Кош жана жењилдетилген жарандык институттарын киргизүү -
эмгек экспортун өнүктүрүүнүн олуттуу фактору.
3. Эларалык аренадагы Кыргызстандын оњ имиджин чыњдоого көмөктөшүү
Кыргызстан өзүн укуктук демократиялык мамлекет катары көрсөтөт
жана өзүнүн позитивдүү имиджин жана дүйнөлүк коомчулук менен саясий
чөйрөлөр тарабынан болгон достук мамилени камсыз кылуу үчүн бардык
мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланат.
Тышкы саясаттын негизги багыты болуп чет өлкөдөгү Кыргызстандын
жарандарынын укуктарын, таламдарын жана ар-намысын коргоо, ошондой эле
чет элдик жарандардын болуусуна жана транзитине жагымдуу шарттарды
түзүүгө көмөктөшүү саналат.
Өлкөнүн тышкы саясатын чыњдоонун позитивдүү ресурсу катары анын
этникалык көп түрдүүлүгү, этникалар аралык жана конфессиялар аралык
ынтымак кызмат кылат. Этникалык жамааттардын болушу жана алардын
тарыхый Мекени менен байланышы кошумча инвестициялык аянтча болуп
саналат.
үч тилдүүлүктү - кыргыз, орус жана англис тилдерин өнүктүрүүгө
көмөктөшүү - кыргыз жарандарынын эларалык коомчулукка ийгиликтүү
интеграцияланышынын маанилүү фактору болуп эсептелет.
Кыргызстан эларалык уюмдарды жайгаштыруу, эларалык жана региондук
форумдарды өткөрүү үчүн ыњгайлуу өлкө, ошондой эле региондук маданий-
билим берүү борбору болууга умтулат. Ысыккөл, Ч. Айтматов, "Манас"
эпосу, "Улуу Жибек жолу" жана башка улуттук брэнддерди пайдалануу
Кыргызстандын дүйнөлүк коомдогу таанымалдуулугун жогорулатуучу
факторлордун бири болуп эсептелет.
4. Тышкы саясат системанын негиздери
Тышкы саясат системанын жана анын принциптерин ишке ашыруунун
негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдары эларалык
укук ченемдери менен өзара байланышта түзөт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши өзүнүн конституциялык
ыйгарым укуктарынын чектеринде тышкы саясий курсту жана парламенттер
аралык байланыштарды эларалык-укуктук жактан камсыз кылууну. ошондой
эле Кыргыз Республикасынын эларалык милдеттенмелерин аткарууну ишке
ашырат. Аткаруучу жана мыйзам чыгаруучу бийлик бутак органдарынын
макулдашылган иш-аракеттери тышкы саясаттын бирдиктүүлүгү принцибинин
сакталышын камсыз кылат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан
министрликтер менен ведомстволордун иштерин координациялоону Кыргыз
Республикасы Тышкы иштер министрлиги камсыз кылат.
Кыргыз Республикасынын тышкы саясий маселелери боюнча расмий
билдирүүлөр жана демилгелер менен Президент, Премьер-министр жана
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри чыгат, ал эми аткаруу
бийлигинин башка расмий адамдары жогоруда аталгандардын тиешелүү
тапшырмасы жана макулдугу боюнча гана чыгууга укуктуу.
Жергиликтүү мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу
органдары тышкы экономикалык, коомдук жана маданий байланыштарды
аларга берилген ыйгарым укуктардын чектеринде ишке ашырат.
Бизнес-структуралар учурда колдонуудагы мыйзамдардын алкагында
тышкы экономикалык ишкердик субъекттери болуп таанылат.
Мамлекеттин тышкы саясий чөйрөсүндөгү маанилүү чечимдерди
даярдоодо жарандык коомдун пикири Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер
министрлигине караштуу Тышкы саясат боюнча коомдук кењештин механизми
жана өзара аракеттенүүнүн башка формалары аркылуу эске алынат.
Бул Концепция ички же тышкы шарттардын өзгөрүшүнө жараша кайрадан
каралууга тийиш.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- КР Президентинин 2019-жылдын 11-мартындагы ПЖ № 37 "Кыргыз Республикасынын Тышкы саясатынын концепциясы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 11.03.2019 · № 37
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 10-январындагы №2 " Кыргыз Республикасынын Тышкы саясатынын концепциясы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 10.01.2007 · № 2 · Күчүн жоготкон