# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 11-январындагы ПЖ №3 "Кыргыз Республикасынын Өкмјтүнүн 2000-жылдын 18-январындагы "Кыргыз Республикасында радиожыштык спектрлеринин тилкесин пайдалануу укугуна аукцион өткөрүүнүн шарттары жөнүндө Жобону бекитүү тууралу" токтомун жокко чыгаруу жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 11-январындагы ПЖ №3 "Кыргыз Республикасынын Өкмјтүнүн 2000-жылдын 18-январындагы "Кыргыз Республикасында радиожыштык спектрлеринин тилкесин пайдалануу укугуна аукцион өткөрүүнүн шарттары жөнүндө Жобону бекитүү тууралу" токтомун жокко чыгаруу жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 11.01.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.01.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4568>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2163/edition/627862/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4568.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.01.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 11-январындагы ПЖ №3 "Кыргыз Республикасынын Өкмјтүнүн 2000-жылдын 18-январындагы "Кыргыз Республикасында радиожыштык спектрлеринин тилкесин пайдалануу укугуна аукцион өткөрүүнүн шарттары жөнүндө Жобону бекитүү тууралу" токтомун жокко чыгаруу жөнүндө" Жарлыгы (11.01.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4568

---

Бишкек шаары, Јкмјт Ійі

2006-жылдын 11-январы, ПЖ № 3

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

Кыргыз Республикасынын Өкмјтүнүн 2000-жылдын 18-январындагы

"Кыргыз Республикасында радиожыштык спектрлеринин тилкесин

пайдалануу укугуна аукцион ӨткӨрүүнүн шарттары жӨнүндӨ Жобону

бекитүү тууралу" токтомун жокко чыгаруу жӨнүндӨ

Радиожыштык ресурстарын натыйжалуу пайдаланууну жогорулатуу, Кыргыз

Республикасынын жарандарынын жана мамлекеттин таламдарын камсыз кылуу,

окмӨттүк чечимдерди "Электр жана почта байланышы жӨнүндо" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, Кыргыз

Республикасынын Конституциясынын 42, 47, жана 95-статьяларын, "Кыргыз

Рсспубликасынын ӨкмӨтү жӨнүндӨ" констититуциялык Мыйзамдын 33-статьясын

жетекчиликке алуу менентоктом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын ӨкмӨтүнүн 2000-жылдын 18-январындагы №25

"Кыргыз Республикасында радиожыштык спектрлеринин тилкесин пайдалануу

укугуна аукцион ӨткӨрүүнүн шарттары жӨнүндӨ Жобону бекитүү тууралу"

токтому жокко чыгарылсын.

2. Кыргыз Республикасынын ӨкмӨтү Өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык

келтирсин.

3. Кыргыз Республикасыиын Улуттук байланыш агенттиги Кыргыз

Рсспубликасынын радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы менен

бирдикте жањы технологияларды жана колдо бар жогорку коммерциялык суроо-

талапты эске алуу менен радиожыштык спектрлеринин эркин тилкелерин

пайдаланууга укукка конкурс жана/же аукцион ӨткӨрүүнүн максатка

ылайыктуулугун карасын.

4. Бул Жарлык кол коюлган күндӨн тартып күчүнӨ кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президенти К.Бакиев
