# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-декабрындагы № 642 "2007-жылы пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмү жөнүндө"Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-декабрындагы № 642 "2007-жылы пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмү жөнүндө"Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 642
- Кабыл алынган күнү: 28.12.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.12.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4565>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2160/edition/288510/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4565.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.12.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-декабрындагы № 642 "2007-жылы пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмү жөнүндө"Жарлыгы (28.12.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4565

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 28-декабры ПЖ № 642

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2007-жылы пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмү жөнүндө

Пенсиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу максатында жана "Мамлекеттик

пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мый-

замынын 22-статьясына ылайык токтом кылам:

1. "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалган пенсиялардын базалык бөлү-

гү 2007-жылдын 1-январынан тартып 363 сом өлчөмүндө белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин "Электр энергиясына тариф-

тер жогорулагандыгына байланыштуу пенсионерлерге компенсациялык төлөм-

дөр жөнүндө" 2002-жылдын 5-майындагы № 105 жана "Калк үчүн электр куба-

тына бирдиктүү тарифти киргизүү шартында калктын аялуу катмарын социал-

дык жактан колдоонун кошумча чаралары жөнүндө" 2006-жылдын 28-апрелин-

деги № 192 жарлыктарына ылайык белгиленген компенсациялык төлөмдөрдүн

өлчөмдөрү ушул Жарлыктан келип чыккан пенсиялардын өлчөмдөрүн кайра

эсептөөгө байланыштуу өзгөртүлүүгө тийиш эмес.

3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду белгиленген тартипте

пенсияларды өз учурунда кайра эсептөөнү жана жањы өлчөмдөгү пенсияларды

төлөөнү камсыз кылсын.

4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президенти К.Бакиев
