Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин «2007-жылы пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмү жөнүндө»Жарлыгы
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 28-декабры ПЖ № 642
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2007-жылы пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмү жөнүндө
Пенсиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу максатында жана "Мамлекеттик
пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мый-
замынын 22-статьясына ылайык токтом кылам:
1. "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалган пенсиялардын базалык бөлү-
гү 2007-жылдын 1-январынан тартып 363 сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин "Электр энергиясына тариф-
тер жогорулагандыгына байланыштуу пенсионерлерге компенсациялык төлөм-
дөр жөнүндө" 2002-жылдын 5-майындагы № 105 жана "Калк үчүн электр куба-
тына бирдиктүү тарифти киргизүү шартында калктын аялуу катмарын социал-
дык жактан колдоонун кошумча чаралары жөнүндө" 2006-жылдын 28-апрелин-
деги № 192 жарлыктарына ылайык белгиленген компенсациялык төлөмдөрдүн
өлчөмдөрү ушул Жарлыктан келип чыккан пенсиялардын өлчөмдөрүн кайра
эсептөөгө байланыштуу өзгөртүлүүгө тийиш эмес.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду белгиленген тартипте
пенсияларды өз учурунда кайра эсептөөнү жана жањы өлчөмдөгү пенсияларды
төлөөнү камсыз кылсын.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2007-жылга карата бюджетинин аткарылыш жыйынтыктары жөнүндө" 2008-жылдын 16-августундагы № 458 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуПостановление · 16.08.2008 · № 458 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 21.07.1997 · № 57
- Указ Президента КР от 5 мая 2002 года №105 "О компенсационных выплатах пенсионерам в связи с повышением тарифов на электрическую энергию"Указ · 05.05.2002 · № 105 · Күчүн жоготкон