# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-декабрындагы №643 "2007-жылы пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-декабрындагы №643 "2007-жылы пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 643
- Кабыл алынган күнү: 28.12.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.12.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4560>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2155/edition/288504/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4560.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.12.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-декабрындагы №643 "2007-жылы пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгы (28.12.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4560

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 28-декабры №643

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2007-жылы пенсиялардын камсыздандыруу

бөлүгүнүн өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө

Республиканын пенсионерлеринин жашоо дењгээлин жогорулатуу

максатында токтом кылам:

1. 2007-жылдын 1-майынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу

бөлүгүнүн өлчөмдөрү төмөнкүдөй жолдор менен көбөйтүлсүн:

- "Пенсияларды эсептөө үчүн эмгек акыга түзөтүүчү коэффициенттер

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген түзөтүүчү

коэффициенттердин өлчөмүн 1,15 эсе жогорулатуу;

- "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына ылайык эсептелүүчү пенсиянын биринчи

камсыздандыруу бөлүгүн эсептөө үчүн орточо айлык эмгек акынын

дењгээлинин чегин эсептик көрсөткүчтүн жыйырма үч зселенген өлчөмүндө

белгилөө.

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен мурда белгиленген

пенсияларды, пенсияларга үстөктөрдү жогорулатуу суммалары жана Кыргыз

Республикасынын Президентинин "Электр энергиясына тарифтердин

жогорулагандыгына байланыштуу пенсионерлерге компенсациялык төлөмдөр

жөнүндө" 2002-жылдын 5-майындагы №105 жана «Калк үчүн электр кубатына

бирдиктүү тарифти киргизүү шартында калктын аялуу катмарын социалдык

жактан колдоонун кошумча чаралары жөнүндө» 2006-жылдын 28-апрелиндеги

№ 192 жарлыктарына ылайык белгиленген компенсациялык төлөмдөр ушул

Жарлыктан келип чыккан пенсиялардын өлчөмүн кайра эсептөөгө

байланыштуу өзгөртүлбөйт.

3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду пенсияларды өз убагында

кайра эсептөөнү жана аларды жањы өлчөмдө төлөп берүүнү камсыз кылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Жарлыктан келип чыккан

тиешелүү мыйзам долбоорун эки айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана Кыргыз

Республикасынын Жогорку Кењешине киргизсин.

5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз

Республикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык

өнүктурүү жана экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын

Президенти К.Бакиев
