# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 23-ноябрындагы ПЖ №567 "«Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу сот адилеттик иштери боюнча Улуттук кеѕеш жјніндј» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 14-деабрындагы Жарлыгына јзгјртіілјрді киргизіі тууралу" жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 23-ноябрындагы ПЖ №567 "«Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу сот адилеттик иштери боюнча Улуттук кеѕеш жјніндј» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 14-деабрындагы Жарлыгына јзгјртіілјрді киргизіі тууралу" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 567
- Кабыл алынган күнү: 23.11.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.10.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4551>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2146/edition/288493/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4551.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 23-ноябрындагы ПЖ №567 "«Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу сот адилеттик иштери боюнча Улуттук кеѕеш жјніндј» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 14-деабрындагы Жарлыгына јзгјртіілјрді киргизіі тууралу" жарлыгы (06.10.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4551

---

КР Президентинин

2008-жылдын 6-октябрындагы ПЖ № 356 Жарлыгына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 23-ноябры ПЖ № 567

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

"Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу

сот адилеттик иштери боюнча Улуттук кењеш жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын

14-декабрындагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдү

киргизүү тууралу

Кыргыз Республикасынын сот адилеттик иштери боюнча Улуттук кењешин

уюштурууну жана ишин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл

алынганга чейин жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу сот

адилеттик иштери боюнча Улуттук кењештин маселелери боюнча Кыргыз Рес-

публикасынын Президентинин Жарлыгын Кыргыз Республикасынын Конституция-

сынын жањы редакциясына ылайык келтирүү максатында токтом кылам:

1. "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу сот адилеттик иш-

тери боюнча Улуттук кењеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин

2004-жылдын 14-декабрындагы № 437 Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр кир-

гизилсин:

- 1-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Улуттук кењеш он алты адамдан турат жана судьялардын, Кыргыз Рес-

публикасынын Жогорку Кењешинин депутаттарынын, аткаруу бийлигинин жана

коомдук бирикмелердин өкүлдөрүнүн тењдеш санынан түзүлөт.";

- Кыргыз Республикасынын Президентинин аталган Жарлыгы менен беки-

тилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу сот адилеттик иште-

ри боюнча Улуттук кењеш жөнүндө Жободо:

- I бөлүмдүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Улуттук кењештин курамына төмөнкүлөр кирет:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жана жергиликтүү соттор-

дун төрт судьясы;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин төрт депутаты;

- Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин төрт өкүлү;

- коомдук бирикмелердин төрт өкүлү.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жана жергиликтүү соттордун

судьялары Улуттук кењештин курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Со-

тунун Пленуму тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Пленуму-

нун курамынын жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен шайланат.

Мында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасы Улуттук кењештин

курамына кызматы боюнча кирет.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттары Улуттук

кењештин курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин чечими менен

шайланат.

Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин өкүлдөрү Улуттук кењеш-

тин курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүнүн жалпы санынын

көпчүлүк добушу менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

чечими менен аныкталат.

Коомдук бирикме Улуттук кењешке төрткө чейинки талапкерди өзалдын-

ча же башка коомдук бирикмелер менен бирдикте көрсөтүүгө укуктуу. Коом-

дук бирикменин уюштуруу документтерине ылайык толтурулган анын тиешелүү

чечими юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү менен бирге

Кыргыз Республикасынын Президентине жөнөтүлөт.

Эгерде Улуттук кењештин курамына коомдук бирикмелерден сунуш кы-

лынган талапкерлердин саны төрттөн ашыкты түзсө, Кыргыз Республикасынын

Президенти Улуттук кењештин курамына төрт талапкерди тандайт.".

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши, Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту ушул Жарлыкка ылайык Улут-

тук кењештин курамына талапкерликтерди бул Жарлык күчүнө кирген күндөн

тартып бир айлык мөөнөттө сунуш кылсын.

3. Кыргыз Республикасынын коомдук бирикмелерине ушул Жарлыкка ыла-

йык Улуттук кењештин курамына талапкерликтерди бир айлык мөөнөттө су-

нуштоо сунуш кылынсын.

4. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу сот адилеттик иш-

тери боюнча Улуттук кењештин иштеп жаткан курамы жањы курам түзүлгөнгө

чейин өз ыйгарым укуктарын сактайт.

5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
