# Президентинин 2006-жылдын 26-сентябрындагы "Кыргыз Республикасында борбордук жана жергиликтүү мамлекеттик башкаруу органдарынын ишин андан ары өркүндөтүү боюнча кээ бир чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 19-августундагы Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралу" Жарлыгы

- Толук аталышы: Президентинин 2006-жылдын 26-сентябрындагы "Кыргыз Республикасында борбордук жана жергиликтүү мамлекеттик башкаруу органдарынын ишин андан ары өркүндөтүү боюнча кээ бир чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 19-августундагы Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 469
- Кабыл алынган күнү: 26.09.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.12.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4543>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2138/edition/498310/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4543.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.12.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Президентинин 2006-жылдын 26-сентябрындагы "Кыргыз Республикасында борбордук жана жергиликтүү мамлекеттик башкаруу органдарынын ишин андан ары өркүндөтүү боюнча кээ бир чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 19-августундагы Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралу" Жарлыгы (23.12.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4543

---

КР Президентинин 2008-жылдын 23-декабрындагы ПЖ № 458 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2006-жылдын 26-сентябры ПЖ № 469 "Кыргыз Республикасында борбордук жана жергиликтүү мамлекеттик башкаруу органдарынын ишин андан ары өркүндөтүү боюнча кээ бир чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 19-августундагы Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралу

Мамлекеттик чегараны кайтаруу жана коргоо боюнча жүктөлгөн милдеттерди ойдогудай аткаруу жана Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын ишин жакшыртуу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. "Кыргыз Республикасында борбордук жана жергиликтүү мамлекеттик башкаруу органдарынын ишин андан ары өркүндөтүү боюнча кээ бир чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 19-августундагы № 332 Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Бул жобонун Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын, Улуттук коопсуздук кызматынын, Чегара кызматынын жана Улуттук статистика комитетинин жетекчилерине тиешеси жок.".

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
