# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-сентябрындагы №471 "Кыргыз Республикасында 2006-жылдын 1-октябрынан тартып улгайган адамдарды социалдык жактан колдоонун бир айлыгын өткөрүү жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-сентябрындагы №471 "Кыргыз Республикасында 2006-жылдын 1-октябрынан тартып улгайган адамдарды социалдык жактан колдоонун бир айлыгын өткөрүү жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 471
- Кабыл алынган күнү: 28.09.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.02.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4542>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2137/edition/1009138/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4542.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.02.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-сентябрындагы №471 "Кыргыз Республикасында 2006-жылдын 1-октябрынан тартып улгайган адамдарды социалдык жактан колдоонун бир айлыгын өткөрүү жөнүндө" Жарлыгы (04.02.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4542

---

КР Президентинин 2020-жылдын 4-февралындагы ПЖ № 19 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 28-сентябры ПЖ № 471

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

Кыргыз Республикасында 2006-жылдын 1-октябрынан тартып

улгайган адамдарды социалдык жактан колдоонун бир айлыгын

өткөрүү жөнүндө

Улгайган жарандарга социалдык жактан колдоо көрсөтүү максатында

жана алардын проблемаларына көњүл буруу менен токтом кылам:

1. 2006-жылдын 1-октябрынан тартып улгайган адамдарды социалдык

жактан колдоонун бир айлыгы өткөрүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, анын ичинде министрликтер, мам-

лекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамле-

кеттик администрациялар, ошондой эле жергиликтүү өзалдынча башкаруу ор-

гандары аталган бир айлыкты өткөрүү боюнча комиссияларды түзсүн, ушул

Жарлыктын 1-пунктунан келип чыккан ишчараларды иштеп чыксын, бекитсин

жана турмушка ашырсын, мында төмөнкүлөр каралсын:

- согуш жана эмгек ардагерлерине урмат көрсөтүү;

- кийим-кечек, бут кийим жана тамак-аш азыктарын сатып алуу, отун

камдоо үчүн аз камсыз болгон улгайган адамдарга материалдык жардам

көрсөтүү;

- аз камсыз болгон улгайган адамдарга акысыз негизде турмуш-тири-

чилик, медициналык жана юридикалык кызмат көрсөтүү;

- муктаж болгон улгайган жарандар үчүн акысыз түшкү тамактарды

уюштуруу;

- улгайган жарандар үчүн төмөндөтүлгөн баалар боюнча тамак-аш жана

тамак-аш эмес товарлардын ярмаркаларын өткөрүү.

3. Кыргыз Республикасында кайрымдуулук ишин жүзөгө ашырып жаткан

юридикалык жана жеке жактардын аз камсыз болгон улгайган жарандарга гу-

манитардык жардам көрсөтүү боюнча демилгеси колдоого алынсын.

4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-

публикасынын вице-премьер-министринин милдетин аткаруучуга жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
