Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында 2006-жылдын 1-октябрынан тартып улгайган адамдарды социалдык жактан колдоонун бир айлыгын өткөрүү жөнүндө» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 4 февраля 2020 года УП № 19 "О признании утратившими силу некоторых указов Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2020-02-04.
КР Президентинин 2020-жылдын 4-февралындагы ПЖ № 19 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 28-сентябры ПЖ № 471
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Кыргыз Республикасында 2006-жылдын 1-октябрынан тартып
улгайган адамдарды социалдык жактан колдоонун бир айлыгын
өткөрүү жөнүндө
Улгайган жарандарга социалдык жактан колдоо көрсөтүү максатында
жана алардын проблемаларына көњүл буруу менен токтом кылам:
1. 2006-жылдын 1-октябрынан тартып улгайган адамдарды социалдык
жактан колдоонун бир айлыгы өткөрүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, анын ичинде министрликтер, мам-
лекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамле-
кеттик администрациялар, ошондой эле жергиликтүү өзалдынча башкаруу ор-
гандары аталган бир айлыкты өткөрүү боюнча комиссияларды түзсүн, ушул
Жарлыктын 1-пунктунан келип чыккан ишчараларды иштеп чыксын, бекитсин
жана турмушка ашырсын, мында төмөнкүлөр каралсын:
- согуш жана эмгек ардагерлерине урмат көрсөтүү;
- кийим-кечек, бут кийим жана тамак-аш азыктарын сатып алуу, отун
камдоо үчүн аз камсыз болгон улгайган адамдарга материалдык жардам
көрсөтүү;
- аз камсыз болгон улгайган адамдарга акысыз негизде турмуш-тири-
чилик, медициналык жана юридикалык кызмат көрсөтүү;
- муктаж болгон улгайган жарандар үчүн акысыз түшкү тамактарды
уюштуруу;
- улгайган жарандар үчүн төмөндөтүлгөн баалар боюнча тамак-аш жана
тамак-аш эмес товарлардын ярмаркаларын өткөрүү.
3. Кыргыз Республикасында кайрымдуулук ишин жүзөгө ашырып жаткан
юридикалык жана жеке жактардын аз камсыз болгон улгайган жарандарга гу-
манитардык жардам көрсөтүү боюнча демилгеси колдоого алынсын.
4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-
публикасынын вице-премьер-министринин милдетин аткаруучуга жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.