# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-мартындагы № 172 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 512 "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулуп калган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же алардын укук мурастоочусу болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарынын чечимдери бар болгон сугат айдоо жерлеринин жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) убактылуу тартибин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-мартындагы № 172 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 512 "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулуп калган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же алардын укук мурастоочусу болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарынын чечимдери бар болгон сугат айдоо жерлеринин жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) убактылуу тартибин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 172
- Кабыл алынган күнү: 19.03.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.05.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/454002>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22643/edition/1169312/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/454002.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-мартындагы № 172 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 512 "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулуп калган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же алардын укук мурастоочусу болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарынын чечимдери бар болгон сугат айдоо жерлеринин жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) убактылуу тартибин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (31.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/454002

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 19-марты № 172 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 512 "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулуп калган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же алардын укук мурастоочусу болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарынын чечимдери бар болгон сугат айдоо жерлеринин жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) убактылуу тартибин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13 жана 15-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 512 "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин "Жеке турак үйлөр курулуп калган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же алардын укук мурастоочусу болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарынын чечимдери бар болгон сугат айдоо жерлеринин жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) убактылуу тартибин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- төмөнкүдөй мазмундагы 11 жана 3-пункттар менен толукталсын:

"11. Ушул токтомдун жүзөгө ашырылышы үчүн жекече жоопкерчилик которулуп жаткан участок жайгашкан жердин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысына, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысына, ошондой эле шаардын мэрине жүктөлөт деп аныкталсын."; жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулуп калган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же алардын укук мурастоочусу болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарынын чечимдери бар болгон сугат айдоо жерлеринин жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) убактылуу тартибинде:

- 16-пункту:

экинчи абзацындагы "курулуштун эскиз планын" деген сөздөр "административдик-аймактык түзүмдөрдүн, башка аймактык объекттердин аймактык комплекстүү схемалары жана районду пландаштыруунун долбоорлорун (мындан ары - районду пландаштыруунун схемалары) жана калкты отурукташтыруу схемасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын; төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын: "- тарыхый-маданий мурас объекттеринин бар же жок экендиги жөнүндө корутундуну.";

- 17-пунктунда:

үчүнчү абзацындагы "жерлерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын; төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Жеке турак үйлөр курулган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же алардын укук улантуучулары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органдары саналган органдардын тиешелүү чечимдери бар жана мындан ары айыл чарба өндүрүшү үчүн пайдаланууга мүмкүн болбогон жер участоктор контуру көрсөтүлүү менен которулат.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 27-мартындагы № 31 жарыяланды

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
