# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 30-августундагы ПЖ № 448 "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 30-августундагы ПЖ № 448 "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 448
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.08.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4537>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2132/edition/288476/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4537.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.08.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 30-августундагы ПЖ № 448 "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жарлыгы (30.08.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4537

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 30-августундагы ПЖ № 448

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз

Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун айрым

чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын

Президентинин милдетин аткаруучунун айрым чечимдерин Кыргыз Респуб-

ликасынын колдонулуп жаткан мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында

токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республика-

сынын Президентинин милдетин аткаруучунун төмөнкүдөй жарлыктарына

өзгөртүүлөр киргизилсин:

- "Кыргыз мамлекеттик улуттук аскер лицейин түзүү жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Президентинин 1994-жылдын 6-майындагы № 70 Указынын

аталышында жана бүткүл текст боюнча "мамлекеттик" деген сөз алып

салынсын:

- "Кыргыз мамлекеттик улуттук аскер лицейине Советтер Союзунун

Баатыры, генерал-майор Асанов Даир Асановичтин ысмын б ерүү жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-

жылдын 30-апрелиндеги № 148 Жарлыгынын аталышында жана бүткүл текст

боюнча "мамлекеттик" деген сөз алып салынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка

ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президенти К.Бакиев
