# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-августундагы ПЖ № 445 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы Жарлыгына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралу" жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-августундагы ПЖ № 445 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы Жарлыгына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралу" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 445
- Кабыл алынган күнү: 28.08.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.12.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4535>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2130/edition/535302/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4535.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.12.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-августундагы ПЖ № 445 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы Жарлыгына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралу" жарлыгы (14.12.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4535

---

КР Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы ПЖ № 573 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫГЫ 2006-жылдын 28-августу ПЖ № 445 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы Жарлыгына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралу

(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 19-июнундагы ПЖ № 223 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын аппаратынын түзүмүн оптималдаштыруу жана башкаруу системасын өркүндөтүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы № 607 Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

- "Мамлекеттик башкаруу органдарынын мамлекеттик кызмат орундарынын ченемдик түзүмү" деген № 5 тиркемесинин эскертүүсүндөгү 3-пункт "Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматына" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына" деген сөздөр менен толукталсын.

(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 19-июнундагы ПЖ № 223 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
