# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы № 211 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы № 211 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 211
- Кабыл алынган күнү: 11.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.10.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/453433>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22638/edition/1176404/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/453433.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы № 211 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (11.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/453433

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 11-октябры № 211 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 1-сентябрындагы № 373 "Жарандардын айрым категорияларына ар айлык социалдык жөлөкпулдардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемеси тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2021-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саламаттык сактоо жана социалдык коргоо бөлүмүнө жүктөлсүн.

Төрага

У.А. Марипов

Тиркеме

"4-тиркеме

Мамлекеттик жөлөкпулдардын ӨЛЧӨМДӨРҮ

№

Мамлекеттик жөлөкпулдардын түрү

Мамлекеттик жөлөкпулдардын өлчөмдөрү, сом менен

1

16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) - "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул

810

(сегиз жүз он)

2

Пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдарга ар айлык жөлөкпул - "социалдык жөлөкпул" (мындан ары - социалдык жөлөкпул)

2021-жылдын 1-октябрына чейин

2021-жылдын 1-октябрынан тартып

2022-жылдын 1-январынан тартып

Социалдык жөлөкпулду алуучулардын категориялары:

1)

ВИЧке же СПИДке чалдыккан энелерден төрөлгөн балдар

4000

(төрт миң)

6000

(алты миң)

8000

(сегиз миң)

2)

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар

4000

(төрт миң)

6000

(алты миң)

8000

(сегиз миң)

3)

Атасынан же энесинен айрылган балдар

1000

(бир миң)

1500

(бир миң беш жүз)

2000

(эки миң)

4)

Атасы менен энесинен айрылган балдар

2000

(эки миң)

3000

(үч миң)

6000

(алты миң)

5)

Бала кезинен I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар

4000

(төрт миң)

6000

(алты миң)

8000

(сегиз миң)

6)

Бала кезинен II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар

3300

(үч миң үч жүз)

4950

(төрт миң тогуз жүз элүү)

6600

(алты миң алты жүз)

7)

Бала кезинен III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар

2700

(эки миң жети жүз)

4050

(төрт миң элүү)

5400

(беш миң төрт жүз)

8)

I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар

2000

(эки миң)

2500

(эки миң беш жүз)

2500

(эки миң беш жүз)

9)

II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар

1500

(бир миң беш жүз)

2000

(эки миң)

2000

(эки миң)

10)

III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар

1000

(бир миң)

1500

(бир миң беш жүз)

1500

(бир миң беш жүз)

11)

Баатыр энелер

2000

(эки миң)

2500

(эки миң беш жүз)

2500

(эки миң беш жүз)

12)

Улгайган жарандар

1000

(бир миң)

1500

(бир миң беш жүз)

1500

(бир миң беш жүз)

3

Атасы менен энеси белгисиз балдарга төлөнүүчү ар айлык жөлөкпул

2000

(эки миң)

3000

(үч миң)

6000

(алты миң)
