# Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2021-жылдын 7-декабрындагы № 01-5/54 "Шаардык китепкананын башчысынын кайрылуусун кароо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2021-жылдын 7-декабрындагы № 01-5/54 "Шаардык китепкананын башчысынын кайрылуусун кароо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 01-5/54
- Кабыл алынган күнү: 07.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/453432>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-66347/edition/1176152/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2021-жылдын 7-декабрындагы № 01-5/54 "Шаардык китепкананын башчысынын кайрылуусун кароо жөнүндө" токтому (07.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/453432

---

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2021-жылдын 7-декабры № 01-5/54 Шаардык китепкананын башчысынын кайрылуусун кароо жөнүндө Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезексиз X-сессиясы, шаар китепкананын башчысынын кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн 2020-жылдын 7-декабрындагы №598 токтомуна ылайык, ЮНИСЕФ тарабынан “Китепканаларда балдардын эрте өнүктүрүү борборлору” долбоорун китепкана базасында ачууга керектелүүчү каражаттарды камсыздап берүүнү сураган кайрылуусун, шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы-экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын берген корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жетекчиликке алып ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы-экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.

2. Шаардык китепкананын башчысынын кайрылуусу канааттандырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн 2020-жылдын 7-декабрындагы №598 токтомуна ылайык ЮНИСЕФ тарабынан “Китепканаларда балдардын эрте өнүктүрүү борборлору” долбооруна ылайык китепкананын эки кызматкерине 2021-жылдын май айынан баштап 2021-жылдын 31-декабрына чейин ар бирине 2000 (эки) миӊ сомдон төлөнүп берилсин.

4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэриясынын мэри А.Т.Жумаевге жана шаар мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы-экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

Н.А. Абдуразаков
