# Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 5-апрелиндеги № 21 "Эски жана авариялык категорияга кирбеген муниципалдык имараттарды, курулмаларды негизги каражаттардын балансынын эсебинен чыгаруу, бузуу жана демонтаждоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 5-апрелиндеги № 21 "Эски жана авариялык категорияга кирбеген муниципалдык имараттарды, курулмаларды негизги каражаттардын балансынын эсебинен чыгаруу, бузуу жана демонтаждоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 21
- Кабыл алынган күнү: 05.04.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.04.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/453429>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-66345/edition/1175922/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/453429.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.04.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 5-апрелиндеги № 21 "Эски жана авариялык категорияга кирбеген муниципалдык имараттарды, курулмаларды негизги каражаттардын балансынын эсебинен чыгаруу, бузуу жана демонтаждоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (05.04.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/453429

---

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 5-апрели № 21 Эски жана авариялык категорияга кирбеген муниципалдык имараттарды, курулмаларды негизги каражаттардын балансынын эсебинен чыгаруу, бузуу жана демонтаждоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинин объекттерин сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Мыйзамынын 18 жана 19-статьяларына, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эски жана авариялык категорияга кирбеген муниципалдык имараттарды, курулмаларды негизги каражаттардын балансынын эсебинен чыгаруу, бузуу жана демонтаждоо тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдон келип чыккан тийиштүү чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссияга, санариптештирүү жана транспорт, шаар куруу жана архитектура маселелерин тейлешкен Бишкек шаарынын вице-мэрлерине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

К.Конгантиев
