# Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2021-жылдын 19-ноябрындагы № 01-5/52 "Шаардык Кеңештин 2021-жылдын 20-августундагы №01-5/25 сандуу токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2021-жылдын 19-ноябрындагы № 01-5/52 "Шаардык Кеңештин 2021-жылдын 20-августундагы №01-5/25 сандуу токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 01-5/52
- Кабыл алынган күнү: 19.11.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/453428>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-66344/edition/1176144/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2021-жылдын 19-ноябрындагы № 01-5/52 "Шаардык Кеңештин 2021-жылдын 20-августундагы №01-5/25 сандуу токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (19.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/453428

---

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2021-жылдын 19-ноябры № 01-5/52 Шаардык Кеңештин 2021-жылдын 20-августундагы №01-5/25 сандуу токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги IХ-сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясына караштуу ММБ Департаментинин башчысы А.Б.Шерматовдун шаардык Кеңештин 2021-жылдын 20-августундагы №01-5/25 сандуу токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын “Жер Кодексин” жетекчиликке алып ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясына караштуу ММБ Департаментинин башчысы А.Б.Шерматовдун кайрылуусу канааттандырылсын.

2. Шаардык Кеңештин 2021-жылдын 20-августундагы №01-5/25 сандуу токтомунун 2,3 пункттарынын “фондунун” деген сөздөн кийин “жайыт” деген сөз менен жана “өнөр жайдын” деген сөздөрдөн кийин “транспорттун, байланыштын жана башка” деген сөздөрү менен толукталсын.

3. Шаардык Кеңештин 2021-жылдын 20-августундагы №01-5/25 сандуу токтому төмөндөгү пункт менен толукталсын:

1) Которулуучу (транформациялануучу) токой фондунун жайыт жер аянттары төмөндөгү контурларда жайгашкан: К-256, 33,0 га, К-301, 8,0 га жалпысы 41,0 га.

4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэриясына караштуу ММБ Департаментинин башчысы А.Б.Шерматовго милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

Төрага

Н.А. Абдуразаков
